Азаттык тууралуу Азаттык Υналгысы

Аудио угуу Мултимедиа
Азаттык тууралуу

”Азаттык үналгысынын" (”Азаттыктын") бардык журналисттери, айрым учурларда салым кошкон калемгерлери жана башка кызматкерлери төмөнкү жоболорго ылайык иш алып баруусу керек:

Тактык

”Азаттыктын" журналисттери бардык берүүлөр жана башка жарык көрчү (анын ичинде интернет аркылуу жеткирилчү) материалдар факты жүзүндө так болушун камсыздоо үчүн бар аргасын жасашат. Эгерде фактынын олуттуу жагдайына карата күмөн же талаш-тартыштуу жагдай туулса, анда маалымат бери дегенде эки башка көз каранды эмес булакка негиздениши зарыл.

”Азаттыктын" журналисттери айың кепке же такталбаган маалыматка таянган маалыматты обого чыгарбайт жана жарыялабайт.

Фактологиялык каталар мүмкүн болушунча тез арада оңдолушу керек.

Бейтараптык

Маалымат фактыга негизделген контекстте сунушталышы керек жана бул контекст окуялар менен ар кыл нерселерди аңдоону арттырып, эч кандай бурмалоо менен бир беткейликке алдырбай, ачык-даана сыпатталышы керек.

Журналисттер бардык маселелер боюнча каршы айтылган пикирлерди же айырмалуу көз караштарды так жана тең салмактаган усулда чагылдырып турушу керек. Эгерде берүүнү тең салмактоо үчүн пикири жана көз карашы маанилүү болгон кайсы-бир топтор же айрым кишилер өз пикирин айтуудан баш тартса, анда баянда же макалада бул тууралуу эскерип өткөн ылайык.

”Азаттык" ар кандай саясий партиядан, бийликтеги же оппозициядагы бирикмеден, бозгундагы уюмдан, соода-сатык менен алектенген же башка өзгөчө кызыкчылыкка жетеленген уюмдан, же болбосо диний жамааттан, - бул саналып өткөндөр ”Азаттыктын" үналгы же сыналгы берүүлөрүн багыттаган өлкөлөр тобунун ички аймагында же алардан сырткаркы жактарда жайгашканына карабастан (”Берүү аймагы"), көз каранды эмес болууга тийиш жана эч бир өзгөчөлөнгөн саясий, экономикалык, же диний көз карашты колдоп, ага үндөбөөгө тийиш.

Сереп. Комментарий. Редактордук макала

Бардык берүүлөр жана жарык көрчү материалдар баяндалган маалыматтын олуттуулугун жана анын натыйжасын аудитория дурусураак аңдашы үчүн көмөкчү болгондой деңгээлде тийешелүү окуянын кыртышын чагылдырган жана баяндаган маалыматтык жагдайларды камтышы керек. Журналисттер фактологиялык баяндарды сунуштаганда өздөрүнүн жекече пикирлерин же бааларын кыстара кетпөөгө тийиш.

Жалпысынан, комментарийден оолак болуу зарыл. ”Азаттык" жекече көз карашты таңуулаганга караганда, окуяга жалпы баа берүүнү ылайык көрөт. ”Азаттыктын" кызматкерлери тарабынан комментарийлер өзгөчө учурларда гана жана Берүүлөр уюштуруу директорунун, же анын орун басарынын алдын-ала жактыруусуна ылайык гана жазылышы мүмкүн. Сырткаркы бир адис тарабынан жазылган комментарий ”Азаттык" жетекчиликке алган кесиптик стандартка жооп берүүгө тийиш.

Берүүнү алып баруу маанайы жана сый мамиле

Бардык берүүлөр жана жарык көрчү материалдар ар дайым сабырдуу жана байистүү маанайды карманышы керек, ошондой эле олуттуу талкуу-баарлашууларда цивилизациялуу, жүйөөгө негизденген мамилесин жана бардык инсандардын адамдык укуктарына сыйлоосун көрсөтүүдө өрнөк болушу керек. Берүүлөр жана жарык көрчү материалдар ар кандай кишиге же жамааттарга карата диний, улуттар аралык, социалдык-экономикалык же маданий өңүттөгү кемсинтүүнү камтыган учурларга жол бербөөгө тийиш жана жүрүм-турум мамилелери менен табит жаатында жалпы коомчулукка таандык стандарттарды карманышы керек.

Берүүлөр жана жарык көрчү материалдар бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген же зомбулук аракеттерге шыкактай турган жагдайларды камтыбоого тийиш. Тополоңдорду же башка курч, тирешкен учурларды чагылдырууда берүүлөр жана жарык көрчү материалдар тең салмакталышы жана фактыга негизделиши керек.

Жаатты жактоодон өзүн обочо тутуу

”Азаттык" демократиялык өлкөлөрдө жалпы жайылгандай демократиялык түзүлүштү жана адам укуктарын жактайт, бирок ”Азаттык" өзгөчө бир максатты көздөгөн саясатты же мыйзамды кабыл алдырууну бир тараптуу жактабашы керек жана берүүлөрүндө шайланма же дайындалма кызматка талапкер болгон кишилерди бир тараптуу колдоого алууга же ага каршы чыгууга жол койбошу керек.

”Азаттык" ”Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Жыйынынын Хелсинки Корутунду Актында" белгиленген бардык элдердин өзүн-өзү аныктоо укуктарын колдойт. Бирок берүүлөр жана жарык көрчү материалдар жикчил же бөлүп-жаргыч тараптарды жактап, колдоо көрсөтүүдөн алыс болушу керек.

”Азаттык" эл аралык деңгээлде кабыл алынган нормага ылайык бардык кишилердин жер кезүү жана көчүү (миграция) эркиндигин жактайт, бирок ”Азаттык" даярдаган берүүлөр жана жарык көрчү материалдар элдин кайсы бир тобунун качып чыгышына жана көчүүсүнө шыкак болгон жагдайларды камтыбашы керек.

Этикалык (адеп-ахлактык) жүрүм-турум

”Азаттыктын" кызматкерлери жана башка анын берүүлөрү менен жарык көрчү материалдарына салым кошуп жаткан адистери жүрүм-турумдарында эң жогорку деңгээлдеги адеп-ахлактык стандартты карманышы керек. Алар Берүү аймагынын алкагындагы же андан сырткаркы жерлердеги жеке адамдар, топтор, саясий же соода-сатыктык кызыкчылыктары бар жактар менен алака жүргүзгөн маалда өздөрүнүн кызматтык ишине кайчы келе турган же ошондой белги камтылган ар кандай учурлардан өзүн обочо кармоого астейдил көңүл бурууга тийиш. ”Азаттыктын" кызматкерлери жана башка анын берүүлөрү менен жарык көрчү материалдарына салым кошуп жаткан адистери өздөрүнүн коомдук ишмер катары макамына жана ”Азаттыктын" дурус беделине өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарын көздөө менен көлөкө түшүрбөшү керек. Кызматтык ишке кайчы келе турган жагдайлар тууралуу эрежени караңыз.

Back to top