Эрежелер Азаттык Υналгысы

Аудио угуу Мултимедиа
Эрежелер

”Азаттык үналгысы" өз окурмандары жеке турмушунун купуялыгына акылуу жана эч көзөмөлсүз интернетти ачууга жана андан маалымат алууга укуктуу деп ишенет.

Окурмандарга тейлөөнү сунуш кылып жатып, биз өз кардарларыбыздан эки түрдүү маалымат жыйнайбыз: "Азаттык үналгысы" сунуштаган маалыматтарды электрондук кат аркылуу жазылып алгысы келгендер бизге берген электрондук даректер жана интернет барагыбыздын колдонулушунун деңгээлин иликтөө үчүн чогултулган статистикалык маалымат жыйындысы.

Электрондук даректер

”Азаттык үналгысы" сунуштаган электрондук кат түрүндөгү жаңылыктар топтомуна жазылгандар мындай кат алуу үчүн өздөрүнүн электрондук даректерин ыктыярдуу түрдө көрсөтүшөт. ”Азаттык үналгысы" алардын э-даректерин эч бир кырдаалда кайсы бир үчүнчү тарапка бербейт. Жаңылыктарга жазылгандардын тизмеси жаңылыкты таркатуудан башка максатта колдонулбайт. Жаңылыктарга жазылган кардар ар кандай жаңылыктар топтомун алуудан каалаган убакта баш тарта алат, аны токтотуу тартиби биздин э-кат түрүндөгү жаңылыктар топтомубузда жарыяланган жана интернет барагыбызда көрсөтүлгөн. Эгерде кардарлар бул жаңылык топтомун өздөрүнө жиберүүнү токтото албай түйшүк тартса, анда алар бул тууралуу биздин кызматкер менен байланыша алат. Биздин интернет бөлүмүбүзгө төмөнкү дарек боюнча кайрылууга болот: (web@rferl.org)

Статистикалык маалыматтар

Интернет сайты бар башка уюмдардай эле, ”Азаттык үналгысы" өзүнүн маалыматын керектегендер ”Азаттыктын" интернет барагына кирген учурга таандык маалыматтарды чогултат. Мунун максаты жөнөкөй – интернет барагына канча киши кирип жатканы, алар кайсы өлкөдөн экени жана кайсы беттерди окуп жатышканы жана ушул сыяктуу маалыматтарды каттоо. Маалымат топтоонун мындай жараяны ”Азаттык үналгысына" сиздин кимдигиңизди аныктоого мүмкүндүк бере албайт, анткени тек гана өзгөчө номерленген компьютер интернет серверге кошулганы айкын болот. Мындай маалыматты колдонуу аркылуу бизге баяндама даярдай турган компьютердик программа cookie (”бышырылган таттуу токоч") деп аталган стандарттык браузерге негизделген. Ал окурмандар кайсы интернет беттерин карап жатканын каттап турат. Бул каттагыч программа кайсы бир интернет кардары интернет барагын качандыр-бир ачаар замат дароо иштей баштайт жана бул кардар интернет барагын жаап чыгып кетээр замат өз ишин токтотуп, жок кылынат. Дал ушундай жол менен топтолгон маалыматтардын баяндамасы интернет баракты жакшыртуу үчүн жана биздин кардарлардын керектөө кызыкчылыктарына ылайык аларга улам жакшыртылган тейлөө кызматын сунуштоо үчүн гана ички максатта колдонулат.

Суроолоруңузду жана ой-пикириңизди (web@rferl.org) дарегине жибере аласыз.

Back to top