Азаттык үналгысы http://www.azattyk.org "Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму. http://www.rferl.org/img/rssLogo_RFERL.gif Азаттык үналгысы http://www.azattyk.org ky Бардык укуктар сакталган 2010 - Азаттык үналгысы 60 Fri, 15 Apr 2016 17:51:55 +0600 Панжеа CMS - Азаттык үналгысы Э-кат дарегибиз: Webeditor@bureaumail.rferl.org Кайыргүл Сартбаеванын операдагы доору Кыргыз элинин тарыхында опера өнөрү эч качан болгон эмес - бул кимге да болсо белгилүү. http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_sartbaeva/27672241.html http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_sartbaeva/27672241.html Thu, 14 Apr 2016 12:45:43 +0600 КыргызстанМаданиятЖарым кашык музыкаWebeditor@bureaumail.rferl.org (Осмонакун Ибраимов)http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_sartbaeva/27672241.html#relatedInfoContainer Сооронбай акын жана тоолор Cооронбай Жусуевдин эстелигине. http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_blog_obitury_zhusuev/27532112.html http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_blog_obitury_zhusuev/27532112.html Fri, 05 Feb 2016 09:59:07 +0600 КыргызстанМаданиятWebeditor@bureaumail.rferl.org (Осмонакун Ибраимов)http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_blog_obitury_zhusuev/27532112.html#relatedInfoContainer Шамшиев: Эң баалуу эмгегим - "Манасчы" Атактуу кинорежиссер, белгилүү коомдук ишмер, “Караш-Караш окуясы” жана “Ак кеме” сыяктуу улуттук классика болуп калган фильмдердин автору Болот Төлөнович Шамшиев ушул күндөрү жетимиш беш жашка чыгып, артына кылчая карап, иштеген иштерине, бүтүргөн эмгектерине сереп салып турган кези. http://www.azattyk.org/content/movi_director_cinema_art_/27493901.html http://www.azattyk.org/content/movi_director_cinema_art_/27493901.html Mon, 18 Jan 2016 17:13:22 +0600 КыргызстанМаданиятТарых жана тагдырWebeditor@bureaumail.rferl.org (Осмонакун Ибраимов)http://www.azattyk.org/content/movi_director_cinema_art_/27493901.html#relatedInfoContainer Кыргыз адабиятына ода Kыргыз жазма адабияты жаралганына көп болсо бир кылымдан ашуун убакыт өтүптүр. http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_literature/27425270.html http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_literature/27425270.html Mon, 14 Dec 2015 15:29:20 +0600 КыргызстанМаданиятWebeditor@bureaumail.rferl.org (Осмонакун Ибраимов)http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_literature/27425270.html#relatedInfoContainer Старр: Кыргыз жаштарына ишенем Жакында Кыргызстанга белгилүү америкалык окумуштуу, тарыхчы жана Борбор Азиянын саясий жана маданий тарыхы боюнча чоң адис, Нью-Йорктогу Жонс Хопкинс университетинин профессору Фредерик Старр келип кетти. http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_frederick_starr/27342370.html http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_frederick_starr/27342370.html Wed, 04 Nov 2015 16:30:58 +0600 КыргызстанБорбор АзияБиз жана дүйнө Webeditor@bureaumail.rferl.org (Осмонакун Ибраимов)http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_frederick_starr/27342370.html#relatedInfoContainer "Ордо Сахна" же кайра таңшыган кайрыктар "Тарых жана тагдыр" берүүбүздүн бүгүнкү чыгарылышында "Ордо Сахна" ансамбли жана анын улуттук руханий казынага кошкон салымы тууралуу сөз кылабыз. http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_musik_ordo_sahna/27332170.html http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_musik_ordo_sahna/27332170.html Wed, 28 Oct 2015 17:31:37 +0600 КыргызстанМаданиятЖарым кашык музыкаWebeditor@bureaumail.rferl.org (Осмонакун Ибраимов)http://www.azattyk.org/content/kyrgyzstan_culture_musik_ordo_sahna/27332170.html#relatedInfoContainer Тагдыр чечкен үчилтик: Сталин, Черчилл жана Рузвельт Дүйнөлүк экинчи согуштун тарыхы үч улуу ысым менен тыгыз байланыштуу. Алар: Сталин, Черчилл жана Рузвельт. Бул үч лидердин эң кыйын кезеңде баш бириктиргени, адамзаттын тагдыры кыл үстүндө турганда бири-бирин түшүнө билгени, ортодогу идеологиялык айырмачылыктарды унутка калтырып, фашисттик Германияга каршы аскерий коалиция түзгөнү согуштун жеңиш менен аякташына шарт түзгөн эмеспи. Ошону менен бирге ушул үч державанын согуш аяктагандан кийин тез эле аралары сууп, ошол сууган мамиле бара-бара өз ара ишенбөөчүлүктү жаратканы, ал ишенбөөчүлүк кийин дагы бир глобалдык согуштун - “кансыз” согуштун жаралышына алып келгени тарыхтан белгилүү го. Ушул үч мамлекеттин: СССРдин, Америка Кошмо Штаттарынын жана Улуу Британиянын өз ара кызматташуусу дүйнөлүк экинчи согушта кандай улуу жыйынтыктарга алып келсе, ошол эле үч державанын ич ара араздашуусу, бири-бирине тымызын бут тоскону акыры келип дүйнөнү айыгышкан геосаясий оюндун аренасына айлантып, акыры Советтер Союзу бирдиктүү мамлекет катары кыйрап тынган эмеспи.   Дүйнөлүк экинчи согуштун эң негизги күнөөкөрү, албетте, Адольф Гитлер болгон. Ал фашисттик Германиянын бийлик башына келип, рейхсканцлер деген эң жогорку кызматка отуруп, Европанын саясий картасын кайра карап чыгууга жалаң аскерий күчтүн жардамы менен аргасыз кылгандан башталган. Атап айтканда, 1938-жылдын 30-сентябрында Мюнхенде Англиянын премьер-министри Чемберлен, Франциянын өкмөт башчысы Даладье, Италиянын ал кездеги жетекчиси Муссолини жана Германиянын канцлери Гитлердин ортосунда эң бир опурталдуу келишимге кол коюлуп, келишимдин шартына ылайык Чехословакиянын территориясындагы немистер жашап келген Судет аймагы Германиянын карамагына өткөн. Европанын төрт ири державасы бүт дүйнөнү каратып туруп Чехословакия сыяктуу эгемен мамлекеттин бир капталын башка мамлекетке -Германияга кармата бергени иш жүзүндө Гитлердин айтканына көнүү, керек болсо ага каршы туруудан качуу, чочулоо эле. Ошондон баштап Гитлер Европа континентинде билген оюнун жасай баштаган. Алдап туруп Улуу Британия менен, СССР менен өз ара согуш ачпоо тууралуу пактыга кол койгон. Бирок Гитлердин түпкү максаты - бул континентти, андан соң бүтүндөй Советтер Союзун каалагандай башкаруу, керек болсо кулдандыруу эле. Ошентип тез эле Гитлер Германиянын территориясын ого бетер кеңейтүү жолуна өтүп, адегенде Чехияны өзүнө каратып, кийинчерээк Польшаны басып алып, андан соң Европанын калган мамлекеттерин чөгөлөтүп, акыр аягында, 1941-жылдын 22-июнунда СССРге кол кол салган болчу. Деле Мюнхен келишими Европага карата ачыктан ачык чыккынчылык, Гитлердин тизгинин тарткандан коркуу, “сен мага тийбе, мен сага тийбейин” саясаты эле. Баса, Уинстон Черчиллдин ошол Мюнхен келишим тууралуу мындай деп айткан сөзү бар: “Англияга алдыдагы эки жолдун бирин тандашы керек эле: же согушка даярданып, ар-намыс, абийир дегенди сактоо болчу, же, тескерисинче, Гитлердин айтканына көнүп, шермендеси чыгыш керек эле. Англия, тилекке каршы, Чемберлендин чечиминен кийин экинчи жолду тандады, нака абийирсиздикке жол берди”. Согуш башталганга чейин Черчилл да, Рузвельт да Советтер Союзундагы ички саясатты нечен сындашып, айрыкча Сталиндин социализмин, репрессияларын ачык эле жактырбай келишсе, согуш башталгандан кийин үчөө тең дипломатияны кескин жандандырып, Гитлерди кантип жок кылуунун жолун ойлоно башташкан. Ошентип бул үч мамлекет согуш учурунда аябагандай тыгыз кызматташуга өткөн. Азыр ойлойсуң: эгер ошол кызматташтык кийин да уланса, дагы тыгыздалса адамзат кандай гана сонун ийгиликтерди жаратат эле? Тилекке каршы, баары тескерисинче болбодубу. Ушул жерден бир маселе тууралуу окурмандарга так маалымат бере кеткенибиз туура: эмне үчүн СССР кызыл жаян согушта кыйналып турганда Черчилл менен Рузвельт экинчи фронтту ачпай, үч жыл маалкаткан? Кыска жооп мындай болмокчу: адегенде Рузвельт деле, Черчилл деле СССР Гитлерге баары бир туруштук бере албайт, акыры жеңилип тынат, балким ошондо гана Германия менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү керек деп эсептешкен. Черчилл СССР бул согушта жеңилишке учурашын ачык эле каалаганы тууралуу бир катар ишенимдүү фактыларды тарыхчылар айтып да, жазып да келишет. Бирок Сталинград согушу, советтик армиянын 1943-44-жылдагы зор жетишкендиктери Америка менен Англияны катуу ойлонтуп, экинчи фронт 1943-жылдагы Тегеран келишиминен кийин гана, башкача айтканда, 1944-жылдын 6-июнунда гана ачылган. Ошол жылдын жайында гана Батыштык союздаштардын армиясы Франциянын батыш жээгине, Нормандияга келип түшүп, Гитлердин армиясын батыш тараптан куушура баштаган. Ошентип бир жылдан кийин, атап айтканда, 1945-жылдын 9-майында Германия толугу менен капитуляцияланган. Сталиндин, Рузвельттин жана Черчиллдин биримдиги адамзатты фашизмдин кулчулугунан куткарды. Андай биримдик кийинки заманда эч бир кайталанган жок. Тескерисинче, согуш бүткөндөн бир жылдан кийин, 1946-жылдын 6-июнунда Уинстон Черчилл Американын Фултон деген шаарында сөз сүйлөп, СССРге каршы коалиция түзүү керектигин, коммунизмдин дүйнөгө таралышына жол тосуу зарылдыгын айтып чыкты. Ошентип батыш менен чыгыштын ортосуна “темир көшөгө” тартылып, жогоруда айтылган “кансыз согуш” башталды. Анын акыры Советтер Союзунун экономикалык банкроттугу, 1991-жылы бир бүтүн мамлекет катары таркашы менен аяктады. Муну менен эмнени айткыбыз келди эле? Эң биринчи ой - ушул үч мамлекет, анын Сталин, Рузвельт жана Черчилл сыяктуу лидерлери баш бириктергенде дүйнө фашизм сыяктуу адамзаттын башына түшкөн балакеттен кутулган эле. Ошону менен бирге бул лидерлердин өз ара араздашуусу тез эле дүйнөнүн геосаясий ырайын өзгөртүп, адамзат нечен оор проблемаларды баштан кечирди. Башканы коюп, СССР тарагандан кийин мурунку 15 союздук республика, азыркы 15 жаңы мамлекет кандай гана оор экономикалык жана саясий-социалдык кыйынчылыктарга тушукту. Ошол геосаясий парадигма азыр да башыбызга келүүдө. Азыркы дүйнө кайрадан тагдыр чечкен татаал оюндардын жолуна түштү. Баарыбыз байкап отурган процесстердин аягы эмне менен бүтөөрүн эч ким билбейт. Жакынкы Чыгыш, диний радикализм, “жунгли закону”, кайра тирилип келаткан “чоң союлдун” карааны кайрадан башка келди. Мамлекет катары ыдырап бараткан Украина, Крымдын Украинадан Орусиянын өтүшү, дүйнөдө кайрадан күчөп бараткан араздашуу тенденциясы кимди да болсо санааркатпай койбойт. Бул геосаясий араздашуу кайда алып барышы мүмкүн? Кайрадан “кансыз согуштун” каарын тартабызбы? Же мындан 70 жыл илгери биздин аталар менен чоң аталар жер менен жексен кылган фашизм кайрадан баш көтөрөбү? Деле бир кезде майда-чүйдө пикир келишпестикти үйгө калтырып, чоң глобалдык маселелерди чечүү үчүн баш бириктирген Сталин, Черчилл, Рузвельт сыяктуу инсандар чыгабы? Бул суроолорго азырынча так кесе жооп берүүгө эч бир мүмкүн эмес. Бирок тарыхтын сабактары азыркы учурдагы бай жана чоң мамлекеттин лидерлеринин эсинен чыкпайт, кесирленип башка мамлекеттин эгемендигине көз артпайт жана эч качан глобалдык каршылашууга жол бербейт го деп терең ишенгиң келет. http://www.azattyk.org/content/world_history_second_world_war/27009451.html http://www.azattyk.org/content/world_history_second_world_war/27009451.html Mon, 11 May 2015 14:20:08 +0600 КыргызстанМаданиятТарых жана тагдырWebeditor@bureaumail.rferl.org (Осмонакун Ибраимов)http://www.azattyk.org/content/world_history_second_world_war/27009451.html#relatedInfoContainer