"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
10.02.2016 жарыяланды
Ысык-Көлдө өздөрүн пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз деген “йакын-инкар” жамаатынын мүчөлөрү көбөйүп барат. Алар заманбап турмуш-тиричиликти четке кагып, даават ишинде муфтият көрсөтүп берген айрым тартиптерге баш ийишпейт деген сындар айтылууда.