шаршемби, апрель 06, 2016 Бишкек убакыты: 07:42
Аудио угуу
Мултимедиа
Жадыбал
Угуу усулдары
Подкаст
Бардык берүүлөр
Соңку берүүлөр

 "Кыргыз бийлиги саясий эркин көрсөттү"
 5-апрель 2016
Мултимедиа
Youtube

Саясат

Апта: Оппозициянын дымагы, Атамбаевдин "жүрүштөрү"

Узап бараткан жумада президент Алмазбек Атамбаев бир катар орчундуу кадрдык өзгөртүүлөр жасады. Бишкек шаардык соту Акматбек Келдибековго жазаны күчөттү.

Алмазбек Атамбаев

Тектеш макалалар

  • Медакадемиядагы чыр чекистти иштен кетирди
  • Президенттин мурдагы жансакчысы коррупцияны ооздуктайт
  • Кадр саясаты күдүк ойлорду күчөттү
  • Атамбаевдин сынына оппозиция терикти
  • Сот Келдибековдун моюнуна 10 миллион сом илди
Айданбек Акмат уулу

Быйылкы жылдын эки айында экономика - 8% жакынга кыскарганы маалым болду.

А.Атамбаевдин "жаз жүрүштөрү"...

12-мартта ишембиликке чыккан президент Алмазбек Атамбаев конституциялык реформа боюнча үн катты. Анда азыркы кемчиликтерди четтетүү жана келечекте бийлик бутактарынын ортосундагы карама-каршылыкты болтурбоо үчүн Конституцияны өзгөртүү керек деди:

- Конституцияда парламент, президент, премьер-министр, сот бийлигинин ортосундагы балансты дагы бир тактап кетиш керек, эгерде эл колдоп берсе. Колдобосо таңуулабайм. Кудай буйруса, таза иштеп, Кыргызстанда эле калам. Эмдиги жылы эч кайда кетпейм.

Президент Атамбаев өткөн жылы ноябрда парламентте сүйлөгөн сөзүндө конституциялык реформа өткөрүлбөсө, кээ бир “тың” жигиттер бийликти ээлеп алып, мурунку заман кайтып келет деп коркуткан эле. Андан бери конституциялык реформа жөнүндө сөз токтоп, эч жерде аракеттер байкалган эмес. Президент эми ага кайра кайрылды. Демек, жакын арада Конституцияны өзгөртүү багытында аракет жасалат.

Президент Атамбаев мураскерин даярдабай турганын, бул Кыргызстандагы демократиялык принциптерине каршы келерин да белгиледи. Ал акыркы кездеги кадрдык дайындоолор боюнча да өз оюн билдирди.

Маалым болгондой, февраль айында Бишкек шаарынын мэрин алмашса, ушул жумада президент Атамбаев бир катар кадрдык өзгөртүүлөрдү жасады. Алсак, президенттин 10-марттагы чечими менен Эсеп палатасынын жетекчиси Элмира Ибраимова кызматынан бошотулду. Орусиядагы элчилик кызматына Болот Отунбаев дайындалды. Бул кадрдык өзгөрүүлөргө удаалаш УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси Бөкөнбай Казаков кызматынан бошотулуп, анын ордуна Улан Исраилов дайындалды. Мына ушуну менен Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси үчүнчү жолу алмашты. Бул кызмат адегенде түзүлгөндө анын жетекчилигине 2011-жылдын аягында Бектен Сыдыгалиев дайындалган эле. Анын ордуна 2014-жылы Бөкөнбай Казаков келген.

Улан Исраиловдун бул кызматка келиши коомчулукту бир топ карама-каршы пикирлерди, талкууларды жаратты. Ага Исраиловдун Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болуп келгени жана анын УКМКнын иши менен тааныш эместиги себеп болуп берди.

Саясат жана коррупцияга каршы күрөш чырмалышкан жерге билими, кесиптик деңгээли жана позициясы белгисиз адамдын келиши бир жагынан таңдануу, экинчи жагынан президент Атамбаев кадрларды кесиптик деңгээлине эмес, жеке берилгендигине карап дайындап жатат деген пикирлерди жаратты. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Эркин Алымбеков:

Эркин Алымбеков
x
Эркин Алымбеков

- Атамбаев өзү ишенген сакчыларын, шоопурун мамлекеттик кызматтарга коюп жатканы ошол эле Бакиевдик системаны кайра калыптанганын көрсөтөт. Болбосо Конституцияга жазылган механизмдер аркылуу жогорку деңгээлдеги кызматтарга коомчулук тааныган, элге белгилүү болгон, кандайдыр бир деңгээлде коомчулуктун колдоосуна ээ болгон толгон-токой кадрлардан койсо болмок. Алардын баары четте калып, атайын кызмат жана башка орундарга өзү жеке ишенген кадрларды коюп жатканы 2017-жылы мураскерлик операцияны ишке ашырып, башкарууну улантуу катары бааласак да болот.

Эркин Алымбеков Кыргызстандын бийлик системасындагы кемчиликтер Атамбаев ишенген кадрлардын иштеп кетишине жол бербешин кошумчалады.

Ал эми атайын кызматтардын генералы Артур Медетбеков УКМКга кесипкөй эмес кадрлардын дайындалышы атайын кызматтын баркын буга чейин эле кетиргенин белгилейт:

- Убагында мурдагы президенттер деле УКМКга ага чейин бул системада иштебеген, башка мекемелерден келгендерди жогорку кызматтарга дайындап жатып, биздин кызматтын кадыр-баркын кетирди. Экинчиден, анын арты эмне менен бүткөнү белгилүү. Кандай гана болбосун ар бир системада адистер иштеши керек. Коррупциягы каршы күрөш кызматтын башчысы адис элес эмес, тажрыйбасы мыкты кадр болушу керек. Бирок азыркы бийлик башчылары ушул жагын ойлобой, саясий кызыкчылыкты гана көздөп калды.

Ал эми президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн кадрдык чечимин мындай түшүндүрдү:

Кээ бир саясатчылар бөйрөктөн шыйрак чыгарып жатат. АКС боюнча мындай, мен Улан Исраиловду жакшы билем. Ал уурдабаган бала. Жанымда жүргөн. Ошондуктан АКСке окшогон жерлерге таза адамдарды койбосом болбойт ачыгын айтканда.

Атамбаев: Мураскор даярдабаймi
▶ || 0:00:00
... ⇱  
 
X
Уланбек Эгизбаев, Айбек Кулчуманов
12.03.2016
Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда Бишкектеги ботаникалык бактын тегереги тазаланып, көчөт отургузулууда. Ишембилик учурунда президент журналисттердин суроолоруна жооп берди.

УКМКнын алдындагы Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси Бөкөнбай Казаковдун кызматтан кетүүсүнө Медициналык академиянын аппарат башчысы Абдикарим Гапаровдун февраль айында кармоо учурунда каза болушу өзүнүн ролун ойногондой. Гапаровдун туугандары аны кармоо учурунда кыйноого алынган деп айыптап жатат. Аскердик прокуратура бул иш боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатканы маалым.

Адатта УКМК кармоо операциясын башынан аягына чейин видеокамерага тартат. Анда тартылган кадрларды толук көрсөтүү менен гана кармоо учурунда эмне болгонун так жана даана билүүгө болот.

Экономикада төмөндөө тенденциясы...

x

Кадрдык өзгөрүүлөр президентке таандык бийлик структураларында эле эмес, өкмөт тарапта да орун алды. Туура, өкмөттө ал жогорку эмес андан төмөнүрөөк деңгээлдерде болду. Маселен, Экономика министринин эки орун басары - Кылычбек Жакыпов жана Нурлан Садыков кызматынан кетти. Өлкөнүн экономикалык жана өнөр жай саясатын аныктаган министрликтин жетекчилигиндеги бул кадрдык өзгөрүүлөр экономикадагы абалга байланыштуубу же башка себеби барбы, айтуу кыйын. Бирок экономикада абал татаал бойдон калууда.

Маселен, быйылкы жылдын эки айынын жыйынтыгы боюнча Ички дүң продукциянын көлөмү -7.8% төмөндөгөн. Улуттук статистикалык комитет бул төмөндөөнү Кумтөр менен байланыштырууда. Кумтөрсүз экономика былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу минималдуу болсо да төмөндөө жагына кеткен.

Кумтөрсүз өнөр жайы да аксап -4.2% төмөндөгөн. Кайра иштетүү тармагы -45%, энергетика-10.6% ылдыйлаган. Эң кейиштүүсү, келечектеги өсүштүн булагы жана ишкерлердин оптимисттик маанайын көрсөткүчү боло турган негизги капиталга инвестиция -10% ашык, курулуш -4% жакынга кыскарган.

Январь айында тышкы сооданын көлөмү 88 млн долларды түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу -40% кыскарган, ал эми импорт 228 млн доллар болуп, -30% кыскарган. Импорт жана экспорттун көлөмү мына ушундай орчундуу өлчөмдө кыскарып жаткан мезгилде дүң жана чекене соода 5.5% өстү деген маалымат чоң суроо жаратат.

Мына ушундай экономикалык көрсөткүчтөр жана антикризистик программасы менен өкмөт башчы Темир Сариев 14-мартта Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын жыйынына барат.

Парламенттеги “Өнүгүү” фракциясынын мүчөсү, Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология комитетинин төрагасы Мирлан Бакировдун айтымында, өкмөт башчы көпчүлүк коалицияга антикризистик программасын алып чыгууга тийиш. Фракция өз кезегинде эл ичинде популярдуу болбой жаткан бир катар чечимдерди жокко чыгарууну да демилгелеп жатканын Бакиров белгиледи:

x

- Жер үлүшү үчүн социалдык төлөмдөрдү жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин токтотуп турууну, ошондой эле камсыздандыруу мыйзамдарын да азыркы саясий-экономикалык кырдаалга байланыштуу белгисиз мөөнөттөргө жылдырып турууну, электр энергиясына тарифти карап чыгууну сунуштайбыз. Электр энергиясы боюнча тарифте так эместиктер бар. Биз азыр 700 килловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөп жатабыз. Ал эми токтомдо импорт болгон учурда гана 700 килловаттан ашканына 2 сом 16 тыйындан төлөнөт деп жазылган. Мына ошону карап чыгып, коомчулукка маалымдалсын деп жатабыз.

Оппозициянын курултайга камылгасы

Өкмөт 14-мартта парламентте антикризистик программасын жарыялай турган күнү жер-жерлерде митингдер болору кабарланган.

Улуттук оппозициялык кыймылдын лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыров алар мына ошол митингдерге катышарын “Азаттыкка” кабарлаган эле:

- Биз, Улуттук оппозициялык кыймыл элдин талабын толук колдойбуз. Чындыгында бүгүнкү күндө азыркы бийлик ыңкылаптын талаптарын ишке ашырбай, элди кыйнагандан кыйнап баратат. Ошон үчүн жер-жерлерде боло турган митингдерге катышууну чечтик. Ал жерде бүгүнкү күндөгү абалды айтабыз.

Кадыровдун айтымында, калк тарабынан электр энергиясына тарифтерди төмөндөтүү, камсыздандыруу мыйзамдарын, социалдык фонд аркылуу алынган жер салыгын жокко чыгаруу, бийик тоолуу аймактарга жеңилдиктерди калтыруу, Кумтөр маселеси чечилгенге чейин Жерүй кенин ачпоо жана чек ара маселесин тезирээк чечүү талаптары коюлуп жатат.

14-марттагы митингден кийин оппозиция 24-марта Ошко курултай белгилеген. Курултайдын уюштуруучуларынын бири “Эл үнү” кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров курултайдын күн тартибине азыркы социалдык-экономикалык абал жана март, апрель ыңкылаптарынын аткарылышы коюлганын билдирген:

x

- Элдик курултайда эки негизги маселе каралат. Бүгүнкү саясий-экономикалык, социалдык абал жана азыркы бийлик ээлеринин тагдыры жөнүндөгү маселе. Алар мындан кийин иштеш керекпи, иштебеш керекпи? Ушул абалга ким алып келди? Ушул маселе боюнча кенен сөз болгону жатат. Конституциянын 50-беренеси боюнча эл социалдык маселелерди талкуулоого укуктуу. Ошол укуктан пайдаланып, кенен-кесир сөз кылалы деп жатабыз.

24-мартка белгиленген курултай акыркы мезгилде биригүү аракетин жасап жаткан оппозициялык саясатчылар үчүн сыноо болуп калмакчы. Ал сыноо оппозиция уюштурган иш-чарага массанын катышуусуна жараша бааланат эмеспи.

Саясат таануучу Эмил Жороев оппозициянын массаны топтой алуу жөндөмү тууралуу мындай оюн ортого салды:

- Кайсы бир деңгээлде оппозициялык саясатчыларды канча бир эл ээрчийт. Чоңураак маселе - оппозиция лидерлери өлкө деңгээлинде массалык түрдө элди көтөрүп чыга алышары. Буга чейин болуп келгендей, бийлик алмаштыруу деңгээлине чейин күч боло алабы? Менимче мындайга мүмкүнчүлүк аз.

Азыркы кезде оппозиция бир нече топко биригип, бирок бирдиктүү чоң агымга айлана элек. Бүгүнкү күнгө карай Адахан Мадумаров, Өмүрбек Суваналиев, Камчыбек Ташиев өз партиялары менен Кыргызстандын оппозициялык күчтөрүнүн биримдигин түптөгөнүн жарыялашкан. Алардан сырткары Улуттук оппозициялык кыймыл, жаштардын “Жаңы муун” кыймылы, Азимбек Бекназаровдун парламенттик шайлоо мезгилиндеги пикирлештери өзүнчө топ болуп турат.

Албетте, 24-мартка белгиленген курултай 27-мартта жер-жерлерде, анын ичинде Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында болушу менен бүйүр кызытып турат. Оппозиция Ош шаардык кеңеши үчүн олуттуу күч катары чыгууга бел байласа, анда курултайды ага даярдык, бийликке эскертүү жана сес көрсөтүү катары баалоого болот.

Бийлик оппозициянын сес көрсөтүүсүнө, илгиртпей жообун берди. Аны 11-мартта Акматбек Келдибековго карата жазанын катаалдашынан байкоого болот. Белгилүү болгондой, Бишкек шаардык соту Келдибековго 10 млн сом айып пул салды. Ошону менен Биринчи май райондук соттун коррупция боюнча Келдибековду актоосун жокко чыгарды. Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча гана Келдибековду айыптуу деп таап, ага 3 млн сом айып пул салган эле. Эгерде бийлик Келдибековдун оппозиция станында активдүүлүгүн дагы байкаган болсо, анда Жогорку Сот аркылуу жазаны ого бетер күчөтүшү ыктымал. Ошондуктан Келдибеков оппозициянын бириктирүүгө умтулган менен аны байкатпай, активдүү саясий күрөштөн өзүн оолак кармоого аргасыз болууда.


Айданбек Акмат уулу

"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.

Назарда

Екатеринбург: Айганыштын аянычтуу өлүмү...

Жекшенкулов: Өкмөт чечими популисттик кадам

Космосто жашарып, бою өскөн адам

Алиевди кызыктырган кыргыз кендери


Электөө
Шеринеге пикир билдирүү (58)
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.03.2016 22:35
Пикирге жооп жазуу
кадыр саясатын алдын ала жургузо баштаганына караганда, адыдагы шайлоого даярдык го. ЭЛ башы болуп баргандан кийин ЭЛдин мудоосун аткарыш керек эле, андай болбоду. бул жээк, тиги жээк болуп баягы "кресло" талашмай операциясы журуп жаткан кези.

кимден: Кыргыз
15.03.2016 16:07
Пикирге жооп жазуу
Конфуцийдин философиясындай мамлекетти бир жеке адамга салыштырып караса туура эле болот. Демек "балык башынан чирийт" же "башы иштебеген бутуна күч келтирет" деп, азыркы Атамбаевтин коррупцияланган бийлик доорун айтса туура болот.
Атамбаев өзүнүн жеке байлык-бийлик кызыкчылыгы менен эле президенттикке келген. Кан төгүп бийликке келип, айланасындагы бурмалагыч-ууру-паракорлору менен анархиялык, жоопкерсиздик бийлик сүрүп жатат. Совет доорунда орус оккупант-империалисттердин тарбиясын алып, оруска керт-башы манкуртталган индивиддер мамлекетти кубаттап, өстүрүүгө жөндөмсүз бул кулбаштар! "Болор бала богунан" деп коёт кыргызда. Биздин мамлекетибизди башкаруу системасына керт-башы манкуртталбаган, өнүккүн чет өлкөлөрдөн билим алып, ал жакта жашаган кыргыздар келмейинче азыркы бийликтеги "совоктор" мекенибизди өстүрбөйт паракорлук-кулдук менталитети менен!
Азыркы бийликтегилердин сүйлөгөн сөзүн укканда чачың тик турат, Атамбаевтикинби же бир депутаттыкынбы баары-бир, Булгаковдун чыгармасындагы каарман Шариков эле .

кимден: сагын
15.03.2016 13:19
Пикирге жооп жазуу
Урматтуу президент, кече КТРди коруп жатып 2006ж элестеп кетти,анда да бир тарапта опозиция т,е,сиздер, экинчи тарапта бийлик, анти митинг болду эле, азыр да кудду ошондой элес калтырууда,КТР болсо баягы эле май кол сут колдо жашоодобуз деп ишендируудо,Деги кадр тандоодо свой чужой дегенден,башы иштебесе да озубуздуку турсун деген принциптен качан кутулабыз?Эгерде сиз туболук эл менен жашайм десениз жаныныздагы коррупционер,кошоматчыларды эле уга бербей, Ахунбай Кошойду бир угуп койбойсузбу, бул адамды тааныбайм, бирок айткандарында чындык бардай, Деги мурункудан сабак алганды качан уйронобуз?Дагы да болсо сизде мумкунчулук бар ,каталарды ондогонго.

кимден: Тынчтык
15.03.2016 05:35
Пикирге жооп жазуу
Май токоч кармап жеген кандай сонун бирок ушул даамдуу май токочту ташТап кетем дегениниз озу эрдик.Ал Эми кадр саясаты кичине кумон жаратат анткени оз адамдарын бийлик бутактарына койуп озу ойлонбойт такты бошотуп кетеберсе болот кийин баарибир тымызын оз таасирин тыйгизип турары турган иш оппозиция келеби же башкабы ,Атамбаевчилердин 10нунан 4ну зорго алышы мумкун бирок АША калган алты купро мн Ким болсун тил табыша алат ошонтип АШАнын билинбеген таасири тыйип турат.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.03.2016 22:44
Пикирге жооп жазуу
Сиздин пикир койчуну алмаштырыш керек жакшы койлорду кандай бакканды билген тажрыйбалуу койчуну алып келиш керек анан койлорду да алмаштырыш керек себеби булар каарыган козуларын бакканга суту жок сут топтойун десе тиши жок дегендей

кимден: улан
14.03.2016 21:17
Пикирге жооп жазуу
Ата бабабыз кыргыз деп салыг ылашып туптор тургузган. Аа эми ушул мамлекетибиз. Аа эми жоголуп кетпесе экен деп корком

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.03.2016 19:58
Пикирге жооп жазуу
Урматтуу президент. жакында минтранста битум боюнча тендер отту, жалпы суммасы 480миллион сом. тоннасын 22000 сомдон. Азыр россияда битумдун баасы 5600-5700 р болуп атса (нефть эн арзан чекке жеткенде) 22 000 сом сумманы каяктан алышты бул минтранстагылар. жалпы зыян 350 миллионлон ашып тушот. Албетте бул фирмалар чиновниктердики.Бирок Бул сумма КР учун чон сумма.Дагы договордо 20 % предоплата болот экен. Ошол предоплата жетет вес партия битумга калганы астаа майда чайнап жутушат окшойт минтранстагылар. Ушул иш боюнча жаны АКСтин башчысы , кадрыныз чара коро алабы же бакиевдерге окшоп сиз да битум иштеринде "главный геройсузбу".
Мына россиядагы баалар:
Ярославнефтеоргсинтез (ЯНОС) FCA, НОВОЯРОСЛАВСКАЯ,
Ярославская область 14.03 цена 5750 р./т Все регионы РФ и ТС

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.03.2016 17:59
Пикирге жооп жазуу
Балп этире айтканың элиңе жагат, бирок жаныңдагы шумдардын
кыял-жоругу өзүмчүлдүгүн билип болгонуңдан кийин алар менен
бирге кеңешип иштен алган адамдарга өзүңдү жек көргөзүп сойку
өңдөнүп аларга өтө качат. Чындап мамлекет элди ойлогонуңда
ишиңди 2 партия лидеринин эл билген жүзүн өзүң да ачып койсоң
оппозиция дегендер эл душманы атыгып, урмат-сыйга чөмүлөөр
элең, азыр да кеч эмес куучирен менен далдалчыдан арылганга.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.03.2016 15:39
Пикирге жооп жазуу
Президенттике Акаев, Бакиев, Атамбаев үчөөсү да кокусунан келип калды, экөөсү кокусунан кетти. Үчүнчүсү да кокуссунан кетсе керек.

кимден: кыргыз
14.03.2016 15:37
Пикирге жооп жазуу
Иштей албагандан кийин АША элге шылдын болбой кетиш керек. Берген антынын, создорунун бирин да орундаткан жок! Журт башчылыгына татыктуу киши эмес экен.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.03.2016 21:56
Пикирге жооп жазуу
Эн тан калыштуусу кантип олко башчысы болуп калды ушундай акылы менен?! Создорун эл тамаша катары кабыл алып, чыныгы жузу ушул экенин байкабай калды окшойт.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Жаңылыктар

  • Бишкекте ок аткандар изделүүдө
  • Сирияда өкмөттүк учактын учкучу барымтага алынганы айтылууда
  • Жоочулар Сауд Арабия полициясын өлтүрүштү
  • Тимошенконун партиясы оппозицияга өтөт
  • “Азаттыктын” тасмасы "Дүйнөлүк мыкты видео" наамына көрсөтүлдү
  • Тажикстанда алты имам экстремизмге шектелип кармалды
  • Өзбек тараптын өкүлү: “Золотые пески” пансионаты акционердик коомго таандык

Назарда

Көп окулууда
  1. Екатеринбург: Айганыштын аянычтуу өлүмү...
  2. Апта: Үңкүр-Тоо узатпайбы? Штайнмайер сапары...
  3. Өкмөт Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирет
  4. Кытайда эшек этине, терисине талап күч
  5. АКШ Москванын курал саясатына кабатыр
Кызуу талкууда
  1. Өкмөт Ысык-Көлдөгү Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирет (83)
  2. Эки ыңкылапка ар башка макам (47)
  3. Екатеринбург: Айганыштын аянычтуу өлүмү... (37)
  4. Азербайжан урушту токтотконун жарыялады (35)
  5. Жекшенкулов: Өкмөт чечими популисттик кадам (29)
Кызыктуу видео/сүрөт
  1.  Динчил ата-энелер кыздардын өзүнчө окушун талап кылууда
  2.  Апрель соту: соттолуучулар соңку сөздөрүн айтты
  3.  Рыспайдын мураскорлору
  4.  Тоолуу Карабак: жараланган балдар
  5.  ВИЧке чалдыккандардын органы ооштурулат

"Азаттыктан" угуңуз

Жандүйнө

Түгөлбай Казаков - "Элегиянын султаны"

Маданият

Омар Хайям: Дүйнө идиш, а биз шарап

Тарых жана тагдыр

"Кандуу жылдар" романынан

Тарых жана тагдыр

"Чындыкка таянган өмүр" чыгармасынан

Аялзат

Темир тор артындагы сүйүү

Тарых жана тагдыр

Тешебай карыянын өмүр ибараты

Онлайн шерине