Азаттык үналгысы http://www.azattyk.org "Азаттык үналгысы" - "Эркин Европа/Азаттык үналгысынын" Кыргыз кызматы. Ал эми "Эркин Европа/Азаттык үналгысы" Борбордук жана Чыгыш Европа, Кавказ, Борбордук Азия, Орусия, Жакынкы Чыгыш жана Балкан аймагындагы өлкөлөр үчүн берүү уюштурган эл аралык мултимедиялык маалымат уюму. http://www.rferl.org/img/rssLogo_RFERL.gif Азаттык үналгысы http://www.azattyk.org ky Бардык укуктар сакталган 2010 - Азаттык үналгысы 60 Wed, 06 Apr 2016 23:43:05 +0600 Панжеа CMS - Азаттык үналгысы Э-кат дарегибиз: Webeditor@bureaumail.rferl.org Кыргыздар кытай сүрөтчүнүн көзү менен Чэн Жифен аттуу кытай сүрөтчүсү кыргыздардын тарыхына жана маданиятына арналган “Eagle clan\Бүркүттүн уруусу” деп аталган фотоальбомун чыгарды. Ак-кара түстөгү сүрөттөрдө кытайлык кыргыздардын жашоо-тиричилиги чагылдырылган. Сүрөттөрдү жаратууга Чен Жифен бир нече жылдарды арнап, миңдеген чакырымды багынткан. Урумчүдө белгилүү болгон сүрөтчү аталган альбомдун бир нускасын Кытайга иш сапары менен барган Султан Раевге тапшырган. Учурда Чен Жифендин жеке көргөзмөсүн Кыргызстанда да өткөрүү талкууланууда. http://www.azattyk.org/media/photogallery/27652909.html http://www.azattyk.org/media/photogallery/27652909.html Mon, 04 Apr 2016 12:47:00 +0600 МаданиятСүрөт баян Биздин тарыхWebeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/photogallery/27652909.html#relatedInfoContainer Динчил ата-энелер кыздардын өзүнчө окушун талап кылууда Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылында хижаб кийген кыздар арбын. Эми алардын ата-энелери мектепте кыздар менен балдар бөлүнүп окушун талап кылууда. Кыргызстан светтик өлкө болгондуктан мындай талаптар жүйөсүз деп түшүндүрүүдө билим берүү тармагынын адистери. http://www.azattyk.org/media/video/27651396.html http://www.azattyk.org/media/video/27651396.html Sun, 03 Apr 2016 13:46:00 +0600 КыргызстанМултимедиаДин Видео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Асейин Маданбеков, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27651396.html#relatedInfoContainer "Аутизм оору эмес" Бишкекте бүгүн, 2-апрель аутизмди таануу жана ал тууралуу маалымат таркатуу күнүнө карата жөө жүрүш болуп өттү. Аутизм акыбалындагы өзгөчө балдар жана алардын ата-энелери, жакындары катышкан бул иш-чара түштөн кийин Эркиндик бульварында башталып, асманга шар учуруу жөрөлгөсү менен аяктады. http://www.azattyk.org/media/video/27650452.html http://www.azattyk.org/media/video/27650452.html Sat, 02 Apr 2016 20:19:00 +0600 КыргызстанМултимедиаКоом Видео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27650452.html#relatedInfoContainer Штайнмайердин Бишкекке сапары Бул тууралуу Германиянын тышкы иштер министри, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун азыркы төрагасы Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында билдирди. http://www.azattyk.org/media/photogallery/27647817.html http://www.azattyk.org/media/photogallery/27647817.html Fri, 01 Apr 2016 11:02:00 +0600 КыргызстанДүйнөМултимедиаСүрөт баян Биз жана дүйнө Webeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/photogallery/27647817.html#relatedInfoContainer Атамбаев: Кыргызстан өз жолун тапты Бул тууралуу Кыргызстандын президенти тогуз мамлекеттин элчилерин кабыл алган учурда айтты. 30-мартта тогуз мамлекеттин: Пакистан, Түркмөнстан, Алжир, Польша, Австралия, Швеция, Филиппин, Израил жана Венгриянын Кыргызстандагы элчилери президент Алмазбек Атамбаевге ишеним грамоталарын тапшырышты. http://www.azattyk.org/media/video/27643980.html http://www.azattyk.org/media/video/27643980.html Wed, 30 Mar 2016 16:06:00 +0600 КыргызстанСаясатМултимедиаВидео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27643980.html#relatedInfoContainer Чек ара бийлик менен оппозицияны айтыштырды Бишкекте өткөн маалымат жыйында "Эл үнү" оппозициялык кыймылынын лидери Азимбек Бекназаров 24-мартта Ошто белгиленген курултай чек ара маселеси үчүн токтотулганын айтты. Бир күн мурун интернетте оппозициялык айрым активисттердин бийликти күч менен кулатуу боюнча сүйлөшүүсү делген жашыруун жазылган аудио тасма тараган. http://www.azattyk.org/media/video/kyrgyzstan-video-beknazarov-sariev/27631573.html http://www.azattyk.org/media/video/kyrgyzstan-video-beknazarov-sariev/27631573.html Wed, 23 Mar 2016 22:27:00 +0600 КыргызстанСаясатМултимедиаВидео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/kyrgyzstan-video-beknazarov-sariev/27631573.html#relatedInfoContainer Бишкекте жаштардын акыл таймашы өттү Бүгүн Бишкекте Жалпы кызыкчылыктарды издөө (Search for Common Ground) бейөкмөт уюму уюштурган "Ислам жана тынчтык" интеллектуалдык оюну өттү. Оюнга өлкөнүн жети дубанынан келген жаштар, аялдар, имам-молдолор жана ИИМдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. http://www.azattyk.org/media/video/27622953.html http://www.azattyk.org/media/video/27622953.html Sat, 19 Mar 2016 15:37:00 +0600 КыргызстанМултимедиаДин Видео архивКоопсуздукWebeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов, Бексултан Абибакир уулу)http://www.azattyk.org/media/video/27622953.html#relatedInfoContainer Чех парламентинин өкүлдөрү Бишкекте Чехия парламентинин спикери Ян Гамачек баштаган делегация Бишкектин Жеңиш аянтындагы "Өчпөс отко" гүл коюу аземине катышты. Курамында жети депутат, ондон ашык ишкери бар делегация бүгүн кыргыз-чех бизнес форумуна катышып, ал жерде делегация башчысы сөз сүйлөдү. http://www.azattyk.org/media/video/27616773.html http://www.azattyk.org/media/video/27616773.html Wed, 16 Mar 2016 17:18:00 +0600 КыргызстанМултимедиаВидео архивБиз жана дүйнө Webeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27616773.html#relatedInfoContainer Таластык уздар чет өлкөдөгү жармаңкеге даярданууда Таластык уздардын колунан чыккан буюм-тайымдар чет өлкөлүк кардарлардын кызыгуусун арттырууда. 2015-жылы Италиядагы жарманкеге катышып, ал жактын талабын изилдеп келишкен уздар быйылкы жармаңкеге да даярданып жатышат. http://www.azattyk.org/media/video/27608890.html http://www.azattyk.org/media/video/27608890.html Mon, 14 Mar 2016 14:08:00 +0600 КыргызстанЭкономикаМултимедиаВидео архивӨнөрБизнесWebeditor@bureaumail.rferl.org (Салика Сариева, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27608890.html#relatedInfoContainer Руханий өксүктү динден издеген кыздар Кыргызстанда руханий өксүктү толтуруу жолун динден издеген кыз-келиндер арбыды. Муну атынчалардын эле эмес, эркек аалымдардын дарсын угууга ынтызар ислам жолундагы аялдардын саны өскөнүнөн байкоого болот. Ушу тапта диний аалым, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун дарсын угууга жума сайын 300-500 чамалуу кыз-келин чогулууда. “Аялдардын маданий борбору” жайгашкан кеңседе уюштурулган дарс маалында шариятка ылайык диний аалым менен аялдар ар башка бөлмөлөрдө отурушат. Байланыш үн күчөткүч аркылуу жүрөт. http://www.azattyk.org/media/video/27602102.html http://www.azattyk.org/media/video/27602102.html Thu, 10 Mar 2016 14:18:00 +0600 КыргызстанМултимедиаДин Видео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Канымгүл Элкеева, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27602102.html#relatedInfoContainer Ата мекендик мода өнүгүүдө Акыркы убакта ата мекендик дизайнерлер тиккен кийимдер көптөрдүн кызыгуусун жаратууда. Жергиликтүү айымдарды дизайнерлер бренддери жана баалары менен тартып жатат. Кыргызстандык моделдердин акыркы коллекциялары менен "Азаттыктын" кабарчысы Жибек Бегалиева таанышып келди. http://www.azattyk.org/media/video/27600234.html http://www.azattyk.org/media/video/27600234.html Wed, 09 Mar 2016 16:56:00 +0600 КыргызстанМаданиятМултимедиаВидео архивӨнөрWebeditor@bureaumail.rferl.org (Жибек Бегалиева, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27600234.html#relatedInfoContainer Дуулат Турдуналиевдин кайрылуусу “Ата Мекен” партиясынын активисти, 2010-жылы 6-апрелде Таластагы облустук бийликти басып алууну уюштургандардын бири Дуулат Турдуналиевдин президентке жолдогон видео кайрылуусу социалдык тармактарга тарады. http://www.azattyk.org/media/video/27594253.html http://www.azattyk.org/media/video/27594253.html Mon, 07 Mar 2016 20:52:00 +0600 КыргызстанСаясатВидео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27594253.html#relatedInfoContainer Кыргызстан Ак калпак күнүн белгиледи Ошто Ак калпак күнүнө карата 500 жигит катышкан флешмоб өттү. Ош шаарынын мэри ак сакалдарга, мекеме, ишканалардын кызматкерлерине ак калпак кийгизди. Бишкектиктерди майрамы менен аскердик үйлөмө аспаптар оркестри куттуктады. http://www.azattyk.org/media/video/27591132.html http://www.azattyk.org/media/video/27591132.html Sat, 05 Mar 2016 18:51:00 +0600 КыргызстанЭркиндикМаданиятМултимедиаВидео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов, Ыдырыс Исаков)http://www.azattyk.org/media/video/27591132.html#relatedInfoContainer 62 жаштагы интернет ишкер 58 жашында биринчи жолу компьютерге олтурган Тынычбек Анарбаев азыр интернеттен акча табуунун бир нече жолдорун билет. Ал "Азаттыктын" көрармандарына кеп-кеңештерин берип, өзүнүн уникалдуу окуясы менен бөлүштү. http://www.azattyk.org/media/video/27589269.html http://www.azattyk.org/media/video/27589269.html Fri, 04 Mar 2016 17:34:00 +0600 КыргызстанМултимедиаВидео архивАзыркы кыргызстандыкWebeditor@bureaumail.rferl.org (Зайырбек Ажыматов, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27589269.html#relatedInfoContainer Пенсиядан башка жардам жок... Баткенде 1-топтогу майып адам апасы жана кызынын көмөгү менен жашоосун улантып келет. Бирөөгө сүйөнүп күн өткөргөн бул жаранга мамлекет тарабынан пенсиядан башка жардам жок. http://www.azattyk.org/media/video/27584322.html http://www.azattyk.org/media/video/27584322.html Thu, 03 Mar 2016 16:38:00 +0600 КыргызстанЭл үнү МултимедиаВидео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Жеңиш Айдаров, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27584322.html#relatedInfoContainer Менталдык арифметиканын пайдасы Бишкекте мектептен тышкары балдарды окутуунун жаңы технологиялары пайда болууда. Ушул тапта эсепти оозеки чыгартууга үйрөткөн менталдык арифметика сабагы балдардын кызыгуусун арттырууда. http://www.azattyk.org/media/video/27586768.html http://www.azattyk.org/media/video/27586768.html Thu, 03 Mar 2016 14:46:00 +0600 КыргызстанМултимедиаИлим, билим берүү, ITВидео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Айзада Касмалиева, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27586768.html#relatedInfoContainer Жалал-Абаддын көркүн чыгарган аялдар Жалал-Абад шаарында жер казуу жумушуна дээрлик аялдар тартылган. Эркектер болсо таштанды жүктөп, арыктарды тазалашууда. Күн сайын 8 саат жер казып, 10 миң сомдун тегерегинде акча алган аялдар жумуштун оордугуна карабай иштеп келишет. http://www.azattyk.org/media/video/27582584.html http://www.azattyk.org/media/video/27582584.html Wed, 02 Mar 2016 11:40:00 +0600 КыргызстанЭл үнү МултимедиаКоом Видео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Руслан Калматов, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27582584.html#relatedInfoContainer Барондун 47 жеңиши Барон дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда жорго салышта дүйнө чемпиону аталган. 56 жолу жарышка түшүп, 47 жолу биринчи болуп келген жорго тууралуу тасманы сунуштайбыз. http://www.azattyk.org/media/video/27580309.html http://www.azattyk.org/media/video/27580309.html Mon, 29 Feb 2016 14:28:00 +0600 КыргызстанМаданиятМултимедиаВидео архивӨнөрWebeditor@bureaumail.rferl.org (Асейин Маданбеков, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27580309.html#relatedInfoContainer Коңшунун атын чыгарган кыргыз ээри Кыргызстандык кол өнөрчүлөр жасаган улуттук буюмдар дүйнөлүк базарларда сатылууда. Бирок алар көпчүлүк учурда Казакстандыкы деп сатылып келет. http://www.azattyk.org/media/video/27573250.html http://www.azattyk.org/media/video/27573250.html Thu, 25 Feb 2016 18:51:00 +0600 КыргызстанМаданиятМултимедиаВидео архивӨнөрWebeditor@bureaumail.rferl.org (Замира Кожобаева, Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27573250.html#relatedInfoContainer Акимов: Мага кол салуу артында Турганбаев турат Журналист жана саясат талдоочу Турат Акимов өзүнө болгон кол салуунун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турганын айтууда. http://www.azattyk.org/media/video/27566607.html http://www.azattyk.org/media/video/27566607.html Mon, 22 Feb 2016 16:15:00 +0600 КыргызстанЭркиндикМултимедиаСөз эркиндигиВидео архивWebeditor@bureaumail.rferl.org (Касым Рахманкулов)http://www.azattyk.org/media/video/27566607.html#relatedInfoContainer