шейшемби, март 15, 2016 Бишкек убакыты: 07:43
Аудио угуу
Мултимедиа
Жадыбал
Угуу усулдары
Подкаст
Бардык берүүлөр
Соңку берүүлөр

 Качкындар дарыяны кечип Македонияга өтүүдө
 Жалал-Абад: оппозициянын митинги
Мултимедиа
Youtube

Саясат

Апта: Кутулган Кулматов, “тутулган” Кыргызстан

Узап бараткан жумада Бишкек шаарынын мэри күтүүсүз кызматынан кетти. Кыргыз бийлиги Батыш менен жакындашуу саясатын жүргүзүүгө өттү.

Кубанычбек Кулматов

Тектеш макалалар

  • Акенеев: Доллар дагы арзандашы ыктымал
  • Бишкек-Вашингтон: жаңы макулдашууга жол
  • Айгүл Рыскулова мэрдин милдетин аткарат
  • Кулматов убактылуу Кыргызстандан кетет
Айданбек Акмат уулу

Быйылкы жылдын биринчи айындагы экономикалык көрсөткүчтөр кооптонууларды пайда кылды.

Кулматов мэрликтен, шаар Кулматовдон кутулдубу?

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов 9-февралда күтүүсүз кызматынан бошотуу тууралуу арызын жазып, ал өкмөт башчы Темир Сариев тарабынан кабыл алынды.

Эки күндөн кийин өткөрүлгөн маалымат жыйынында Кулматов кызматынан үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу кеткенин жана Кыргызстанда болбосун билдирди:

- Үй-бүлөмдүн бир көйгөйү бар. Ошондуктан Кыргызстанда жакында болбойм. Мэрияны мэрсиз калтырбай, кызматтан кетейин деген чечимге келдим. Бул чечимди кабыл алуу мага да оор болду. Алты ай калды эле, толук эле иштеп кетсем болмок.

12-февралда Кубанычбек Кулматовду президент Атамбаев кабыл алып, эки жылдан бери аткарган иштерин мактоого алды.

x

Президенттин Кубанычбек Кулматовду кабыл алышы жана мактоосу анын чындап эле “үй-бүлөлүк себептерге байланыштуу кеткенин” ырастагандай болду. Анткени ага чейин мэрдин кызматтан кетишин геосаясаттан тартып, бийлик башчылар менен жеке мамилелерине чейин байланыштырган божомолдор чыгып жаткан эле.

Мэрдин кызматтан кетишинин геосаясий себебин көргөндөр Кулматов Орусия жараны жана Кремлдин бул жердеги көмүскө өкүлү болгондугу жөнүндөгү саясий чөйрөдөгү сөздөргө таянышкан. Ал сөздөргө Кулматовдун ата-энеси ушул кезге чейин Орусияда турушу жана өзү да ал жакта көп жылдар бою иштешине байланыштуу фактылар себеп болгон.

Экинчи божомолдор боюнча Кулматов бийлик башчылары менен тил табыша албай калган. Анын үстүнө жакынкы мезгилдердеги маанилүү жана чечүүчү саясий окуялар алдында бийликке Бишкекте интеллигент сымал эмес, чечкиндүү кадамдарга жөндөмдүү жана эң башкысы өтө ишенимдүү адамдын келиши максатка ылайыктуу болуп тургандай.

Кандай болгон күндө да Кулматовдун кызматтан кетүүсү Кыргызстандагы кадрдык туруксуздукту дагы бир жолу эске салып, Бишкек мэрин эл түз шайлаш керек деген талкууну кайра жаратты.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев жогору жактан дайындалган Кубанычбек Кулматов иштей албай койду, мэрди эл шайлаган учурда абал өзгөрөт дейт:

x

- Мэр шайланган шаарларда мэрлер жакшы иштейт. Анан бирөөлөргө барып жагынып, “мен иштеп берет элем, мен кыйратат элем” деген мэрлердин ишин көрүп жатабыз. Ошон үчүн шаардыктар өздөрү шайласа, ошол мэр шаарды кыдырып, өзү көрүп, ошого жараша аракет жасаган система, шайлоо системасы орносо, мына ошондо мэрдин жоопкерчилиги көтөрүлөт эле.

Бишкек мэрин эл шайлаш керек деген талап болгон күндө да анын азыркы кезде аткарылышы күмөндүү. Азыркы системага ылайык мэрге талапкерди өкмөт башчы көрсөтүп, шаардык кеңеш бекитиши керек. Ал эми реалдуулукта Бишкек мэрине президент Алмазбек Атамбаев ылайык көргөн адам сунушталып, өкмөт башчы жана шаардык кеңеш калган формалдуулукту аткарып гана коет.

Андай формалдуулдуктун биринчи этабы аткарылып, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаарынын мэрин шайлоону 27-февралга белгиледи. Бул мезгилге чейин талапкерлер көрсөтүлүп, программалары Бишкек шаардык кеңешинде талкууга алынышы керек.

Көп вектордуу тышкы саясаттын карааны

x

Орусиядагы экономикалык каатчылык жана ал жактан жардамдардын кыскаруу коркунучу Кыргызстанды сырттан башка өнөктөрдү издөөгө мажбур кылууда. Бюджеттеги оркойгон тартыштык, сырттан түшө турган грант жана насыяларга көз карандылык Бишкек бийлигин кайрадан АКШ жана Европа Биримдигине карай буруп, үзүлгөн байланыштарды калыбына келтирүүгө аракет жасалууда.

Орусия менен ымала өтө ынак болуп, энергетикалык долбоорлор боюнча келишимдердин сыясы кургай электе Бишкек текеберлик менен "Манастагы" Транзиттик борборду чыгарып, Кыргызстан бир гана стратегиялык өнөгүнө артыкчылык берет деген саясат расмий түрдө жарыяланган эле. Кошмо Штаттар Кыргызстанда өмүр бою кесилген Азимжан Аскаровго Мамлекеттик департаменттин адам укуктары боюнча сыйлыгын ыйгарганда кыргыз бийлиги андан да чечкиндүү кадамга барып, республика үчүн гуманитардык жана башка жардамдарды алууга жол ачып турган 1993-жылкы АКШ менен кол коюлган келишимди бир жактуу түрдө бузууга барган.

Бирок кризис кыргыз бийлигинин мындай дымагын дароо эле ылдый түшүрүп, бай батышты кайра айланчыктоого аргасыз кылды. Орусия менен Украина, Сирия боюнча катуу тирешип турган батыш үчүн кыргыз бийлигиндеги мындай өзгөрүүлөр геосаясий кызыкчылык жагынан алганда да туура кабыл алынууда. Андан сырткары Кыргызстан региондо демократия стандарттарына жакындаган жалгыз мамлекет болуп турат. Кошуна Тажикстанда үй-бүлөлүк башкаруу жана бийликти мураска өткөрүп берүү жүрүп, Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан авторитаризмдин үлгүсүн көрсөтүп жатканда Батыш үчүн Кыргызстан илгеркидей эле “демократия аралчасы” болуп турат.

Кыргызстан менен АКШ кызматташуу жөнүндөгү жаңы келишимдин үстүндө иштеп жатканы 9-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен АКШнын Кыргызстандагы элчиси Шейла Гуолтни айымдын жолугушуусунда маалым болду. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана өкмөтү ал келишим жөнүндө маалымат берүүдөн тартынган менен АКШы элчисинин маалымат катчысы Жон Браун эки өлкөнүн кызматташуусун калыбына келтирүү үчүн тынымсыз сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын ырастады:

- Америка Кошмо Штаттары жана Кыргыз Республикасы эки тарапты кызыктырган суроолор боюнча үзгүлтүксүз диалог жүргүзүүдө. Биз Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өз ара кызматташуубузду бекемдөө максатында биргеликте иштешүүгө даярдыгын жогору баалайбыз. Биз эки элдин кызыкчылыктарына жооп берген ишеничтин, теңдиктин жана өз ара урматтоонун негизинде, бири-бирибиз менен болгон мамилени жакшыртуунун жолдорун табууга умтулабыз.

1993-жылкы келишимди жокко чыгаруу менен кыргыз өкмөтү ЮСАИД жана башка багыттар аркылуу келип жаткан жардамдардан кур калган. Бул багыттар боюнча буга чейин АКШ Кыргызстанга 2 млрд доллардан ашуун жардам көрсөткөнүн элчи айым Гуолтни төрага Жээнбеков менен жолугушууда бекеринен белгилеген эмес.

Кыргыз бийлиги Европа Биримдиги менен жакындашуу аракетин да жандантты. 10-февралда тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун чатактарды алдын алуу департаментинин жетекчиси, элчи Марцело Пешко менен жолугушуп, ЕККУнун Бишкектеги Академиясын кайра жандантуу, регионалдык кызматташууларды өнүктүрүү боюнча сүйлөшкөн.

Кайсы мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кандай келишим түзбөйлү прагматикалык жол менен карасак жакшы болот эле.

Европа Биримдиги өз кезегинде Кыргызстан товарларын бажы төлөмүсүз өз базарына киргизүү чечимин жарыялады. Бул президент Атамбаевдин эмгек өргүүсүнөн кийин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алуусунда талкууланган негизги маселе катары көрсөтүлдү.

Кыргызстандын мурунку тышкы иштер министри Руслан Казакбаев республиканын көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүсү туура, Кошмо Штаттар менен жаңы келишим түзүүдө кылдаттык керек дейт:

x

- Кайсы мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кандай келишим түзбөйлү прагматикалык жол менен карасак жакшы болот эле. АКШ менен жаңы келишимдин долбооруна өзгөчө кылдаттык керек. Биздин дипломаттар долбоор иштелип чыгып жатканда экономикалык колдоо көрсөтүү жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында демилгелерди келишимге киргизип калууга аракет кылууга тийиш. Анан, албетте, коопсуздук, демократияны жана башка багыттар боюнча кызматташууну өнүктүрүү маселеси турат.

Кыргызстандын көп вектордуу тышкы саясат жүргүзүүсү улуттук кызыкчылыкка туура келери көп айтылып келет. Бирок ага карабай Бишкек Орусияга артыкчылык берген. Анын тарыхый жана башка себептери бар. Бирок азыркы кезде актуалдуу болуп жаткан көп вектордуу тышкы саясатты Кремл “чыккынчылык” катары кабылдабагандай жүргүзүү өзгөчө маанилүүдөй. Анткени Москванын Кыргызстанга таасири канчалык күчтүү экени белгилүү.

Экономикалык кризис сандардан көрүндү

x

Быйылкы жылдын биринчи айы Кыргызстан экономикасындагы кооптуу тенденциялардан кабар берди. Январь айында ички дүң продукциянын көлөмү өткөн жылдын ушул айына карай дээрлик -11% төмөндөп кетти. Тармактар ичинен өнөр жайы жана кайра иштетүү тармагы өзгөчө ылдыйлаган. Кумтөрсүз өнөр жайы -9% ашуун, Кумтөрдү кошо эсептегенде дээрлик -40% ашуун, кайра иштетүү тармагы -50% ашуун төмөндөгөн. Негизги капиталга инвестиция -9% кыскарган.

Кайра иштетүү тармагында макарон жасоо -70%, ун жана акшак өндүрүү -44.2%төмөндөгөн.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев экономикадагы кооптуу тенденциялар тууралуу өкмөт башчыга маалымат берилгенин билдирди. "Ички дүң продукция Кумтөрдү кошпогондо -1.5% эле төмөндөдү", - дейт Шамшиев:

Биринчиден, Кумтөрдү эске албаганда ИДП 98.5% болду. 1.5% эле төмөн түштү. Негизги маселе Кумтөрдүн продукцияны аз чыгарышында болду. Бул тенденция 2-3 айга сакталат. Биз ошондой божомол жасаганбыз. Аны менен премьер-министрге барганбыз.

Экономикадагы төмөндөөлөр өкмөттү чымыркантып, өсүү үчүн жаңы шарттарды жаратууга түрткү болуш керектигин Шамшиев кошумчалады.

Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев январь айындагы төмөндөөнү эс алуу күндөрүнүн көп болушу менен байланыштырат. Ал Евразия экономикалык базарынын ачылышы экономиканын өсүшүнө алып келет дейт:

- Быйыл бизге абдан жакшы жыл болчудай. Буюрса айыл чарбасы үчүн Евразия Биримдиги, Европа Биримдиги дарбазасын ачып жатат. Инвесторлорго шарт түзүлүүдө. Товарлардын баары Кыргызстанда өндүрүлүшү керек. Буйруса жылдын жыйынтыгы менен 5% эмес, андан жогору өсүштү коюш керек.

Оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков экономикадагы ылдыйлоонун эки себебин атады:

- Биринчиси - дүйнөлүк экономикалык кризиске даяр эместигибиз. Ошол кризистин борбору болуп жаткан Орусияга экономикабызды өтө интеграциялап салганыбыз. Алардын экономикалык кыйынчылыктарынын баарын биз чогуу кабыл алып жатабыз. Экинчиден, биздин бийлик кризиске каршы күрөшүүгө натыйжасыз экенин көрсөтүп жатат. Биз кризиске каршы эч кандай программа, пландарды даярдаган жокпуз. Кризис кандай келсе ошондой кабыл алдык. Ошонун натыйжасында өтө начар көрсөткүчтөргө ээ болуп жатабыз.

Равшан Жээнбеков
x
Равшан Жээнбеков

Равшан Жээнбековдун пикиринде, экономикада мындай тенденция дагы уланса, анда өкмөттүн, жалпы эле бийликтин тагдыры тараза ташына түшүп калышы мүмкүн.

Кыргызстандын кайра иштетүү тармагындагы төмөндөөлөр Евразия экономикалык биримдигиндеги өнөктөш мамлекеттерден арзан жана сапаттуу товарлардын агылып кирүүсүнө түздөн-түз байланышта. Казакстан уну Кыргызстанда ун өндүрүшүн -44% төмөндөттү. Ошондой эле сүт азыктарын, макарон өндүрүү да атаандаштыктын курмандыгы болууда. Анткени технологиясы алдыңкы жана мамлекеттин колдоосу күчтүү орус жана казак өндүрүшчүлөрү кыргызстандыктарды артка калтырууда.

Ал эми курулуш тармагындагы өткөн жылдагы басаңдоолор, эми курулуш материалдарын өндүрүүгө таасирин тийгизүүдө. Маселен кыш чыгаруу өткөн жылдын январына салыштырмалуу -64%, цемент, айнек өндүрүү -42% төмөндөгөн.

Курулуш тармагындагы бул басаңдоолорду өкмөттүн ипотекалык программасы токтотуп, кайра өсүштү алып келерин айтуу кыйын. Анткени бул багытка бөлүнгөн каражат өтө эле ченелүү болуп жатат. Калктын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөөсү да оптимисттик маанай кошпойт. 


Айданбек Акмат уулу

"Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.

Назарда

Астайбек ага – Барсбек менен Эренактын даңазалоочусу

Аскердеги кылмыштар жазасыз калууда

Кыргыз чапаны Европада таанылды

Апта: Оппозициянын дымагы, Атамбаевдин "жүрүштөрү"


Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
 Артка    
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.02.2016 12:04
Аксылыктар чон митинг откорууго камданып жатышат бийликтин абалы кандай болоор экен,алар койгон беш талапты аткарыша алабы?
Пикирге жооп

кимден: Назгул
14.02.2016 15:50
Эмне эле жамандыкты кыйытып , сын тагып турасынар?дагы бир революцияны кенедей мамлекетибиз которо алабы, ушул убакта бардыу эле мамлекеттерде кыйынчылык бар, же сириялыктарга окшоп тентип калгынар келеби. Андай кыйынсын абалдан чыкчу программа ой пикирин барбы? Четте туруп алып эмне кылар экен деп турган эн оной нерсе
Пикирге жооп

кимден: кыргыз жигит
14.02.2016 23:45
Бул бийликке ишеним эчак өчкөн. Каалаганын СИЗОдон килем төшөп узатат...элге жагабы-жакпайбы каалаганын бийликке отургузат. КАЛППЫ???
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.02.2016 21:06
Кыргыздын шорун арбытып чоочундарга колтугун ачкандар
дагы митинг кылат бекен булдёзору салган жолуна түшүп алып.
     

Жаңылыктар

  • Украина: президент премьер-министрликке талапкерлерди атады
  • Женевада Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр башталды
  • Турганбаев: ИИМде мурда соттолгондор иштей турганы анык
  • Орусияда мигранттарга жасалма документ жасаган топ кармалды
  • Иран: ондогон округдарда шайлоонун 2-туру өтөт
  • Анкарадагы теракт үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө алган жок
  • Парламент өкмөттүн антикризистик программасын укту

Назарда

Көп окулууда
  1. Атамбаевдин сынына оппозиция терикти
  2. Апта: Оппозициянын дымагы, Атамбаевдин "жүрүштөрү"
  3. Жерге-Тал "жексен" болгону калды
  4. Кытайга акча салган кыргыз ишкерлери
  5. Казакстанда орус машинеси сатылбайт
Кызуу талкууда
  1. Апта: Оппозициянын дымагы, Атамбаевдин "жүрүштөрү" (53)
  2. Атамбаевдин сынына оппозиция терикти (48)
  3. Руханий өксүктү динден издеген аялдар (44)
  4. Атамбаев: оппозиция элди ойлобойт (32)
  5. Жерге-Тал "жексен" болгону калды (31)
Кызыктуу видео/сүрөт
  1.  Атамбаев: Мураскор даярдабайм
  2.  Акмуздук үй-бүлөнүн оор тагдыры
  3.  Үркүн тууралуу кино тартыла баштады
  4.  Жалал-Абад: оппозициянын митинги
  5.  Анкарада катуу жардыруу болду

"Азаттыктан" угуңуз

Биз жана дүйнө

Абыт Ибраимов: Кан аралашкандан улут бузулбайт

Маданият

Бобуловдун армандуу махабаты

Өнөр

Аалы акын: Арзыматчылыкка алдырбайбыз

Тарых жана тагдыр

“Кантсин эл!...” поэмасынан үзүндү

Маданият

Сыйкырдуу сюрреализм же Рене Магриттин карама каршы дүйнөсү

Тарых жана тагдыр

"Узак жол" романынан үзүндү

Онлайн шерине