Жаңылыктар - Азаттык үналгысы http://www.azattyk.org/archive/ky-news/latest/828/828.html "Азаттык үналгысынын" күндөлүк жаңылыктары http://www.rferl.org/img/rssLogo_RFERL.gif Жаңылыктар - Азаттык үналгысы http://www.azattyk.org/archive/ky-news/latest/828/828.html ky Бардык укуктар сакталган 2010 - Азаттык үналгысы 60 Mon, 14 Mar 2016 09:10:34 +0600 Панжеа CMS - Азаттык үналгысы Э-кат дарегибиз: Webeditor@bureaumail.rferl.org Анкара калабасында 30дан ашуун адам курман болду Жекшембинин кечинде Түркиянын баш калаасы Анкарадагы жардыруу 30дан ашуун кишинин өмүрүн алды. Жарадарлардын саны 125ке жеткени кабарланууда. ТRT-World TV каналы тараткан маалыматка ылайык, жардыруу бир катар өкмөттүк имараттар жайгашкан Гувенпарк районунда болду. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Калаба болгон жер коопсуздук күчтөрү тарабынан курчалып, ал жерде бир нече автоунаа күйүп жатканы айтылууда. Жергиликтүү бийлик окуяны теракт деп атап, бир ай мурда Анкарада болгон кандуу окуяга окшоштугун айтууда. Ал тапта түрк бийликтери Анкарадагы жардырууну маалымат каражаттарында чагылдырууга чектөө киргизди. Бир ай мурда Анкарада уюштурулган теракттан 29 киши набыт кеткен. Анда жоопкерчиликти күрт согушкерлери өздөрүнө алышкан. http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608513 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608513 Mon, 14 Mar 2016 08:45:02 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608513#relatedInfoContainer Кыргызстанда  бүткүл дүйнөлүк акча жумалык башталды 14-марттан 22-мартка чейин улана  турган иш-чарада жарандарга акчага кандай мамиле кылуу керектиги, каражат сактоо жана сарптоо маданияты жөнүндө кеп-кеңештер берилет. Жумалык  калктын каржы сабатын   кеңейтүүгө багытталган.   Улуттук банктын басма сөз кызматы билдиргендей,   бир апта бою адистер аймактарды кыдырып, акчага байланыштуу семинар-тренингдер, талкуулар жана каржы мекемелерине экскурсиялар уюштурулат. Global Money Week аттуу жумалык эл аралык Child and Youth Finance уюмунун демилгеси менен жүздөн ашуун мамлекетте белгиленип келет. Кыргызстанда  бул иш  экинчи ирет уюштурулуп жатат.(NT) http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608508 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608508 Mon, 14 Mar 2016 08:37:04 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608508#relatedInfoContainer Ошто Сирияга адам тартуу маселеси талкууланат Бүгүн Ош шаарында баштала турган парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин көчмө жыйынында диний экстремизм көйгөйүн чечүү жолдору ортого салынат. Ошондой эле Ош облусундагы кулчулукка каршы күрөштүн жүрүшү, адам сатуунун курмандыктарынын социалдык-укуктук абалдарына баа берилет. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, эрте никеге туруунун коомго тийгизген кесепеттери да күн тартибине киргизилген. Мындан тышкары депутаттар облустагы социалдык, маданий жайлардын абалы менен да таанышмакчы. (NT) http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608505 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608505 Mon, 14 Mar 2016 08:36:59 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608505#relatedInfoContainer Сот реформасы боюнча кеңеш жыйын курат Бүгүн “Aла-Арча" мамлекеттик резиденциясында сот реформасы боюнча кеңеш кезектеги жыйынга чогула турганы күтүлүүдө.  Президенттик аппараттын маалымат саясаты бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов “Азаттыкка”  кабарлагандай,  жыйынга президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов баштаган бийлик өкүлдөрү, депутаттар, эксперттер катышат. Анда Кыргызстандагы сот тармагындагы реформанын жүрүшү жана тиешелүү мыйзам долбоорлору каралмакчы. Өлкөдө  бул багыттагы реформадан майнап чыкпай жатат, деген сын-пикирлер айтылып келет. Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бийликтин кийлигишүүсүнөн жана соттордун күнкарамалыгынан бул жааттагы аракеттердин акыбети кайтпай жатканын "Азаттыкка" билдирди: - Президент сот тандоо боюнча жакшы иштер жүрүп жатканын айтып жатат. Судьялардын курамы 30 пайызга  жаңыртылды, аны четке кагууга болбойт.   Бирок алар натыйжалуу иштейби деген суроо туулат. Азыр сотторго ишеним көрсөткөндөр жокко эсе. Реформаны   сот тандоо кеңешинен баштоо керек. Анткени, анын курамы туура эмес түзүлүп калган.  Соттор кеңеши 2012-жылы негизделген. Ага президент өзү төрагалык кылат. (NT)   http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608504 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608504 Mon, 14 Mar 2016 08:17:13 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608504#relatedInfoContainer Женевада Сирия боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт Сириядагы куралдуу кагылыштарды тынчтык жол менен жөнгө салуу тууралуу сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы бүгүн Женевада башталат. Бириккен улуттар уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стаффан де Мистура бул жараянды “маанилүү сүйлөшүүлөрдүн” башталышы катары сыпаттады.  Кечээ Франциянын тышкы иштер министри Жан-Марк Эйро менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Дамаски өкүлдөрүнүн Сириядагы президенттик шайлоону талкуулоодон качуусун чагымчыл билдирүү деп атады. Тараптар Орусия менен Иранды ок атууларды токтотуу келишими жалгыз гана Сириянын азыркы бийлигинин кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга жол берилбей турганын Башар Асадга түшүндүрүүгө чакырышты.  Жекшембиде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Сириядан сүрүлгөн экстремисттер Ливия, Йемен жана Ооганстанга отурукташып жатканын жарыялады.    http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608496 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608496 Mon, 14 Mar 2016 08:09:37 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27608496#relatedInfoContainer Сирия: Оппозиция менен “ан-Нусра” фронту кагылышты Сириянын Идлиб провинциясында “Ал-Каидага” байланышы бар “ан-Нусра” фронту менен оппозициялык “Эркин Сирия армиясы”  кагылышканы кабарланууда. “Ан-Нусра” фронту "Эркин Сирия армиясынын"  “13-дивизия” деген бөлүгү менен Мааррет-эн-Нууман шаарында атышышкан. Мурда бул эки топ кызматташып, чогуу салгылашканда провинциянын көп бөлүгү оппозициянын колуна өткөн болчу. “Эркин Сирия армиясы” тобу ок атышууну токтотуу мунасасына кошулган. Ал эми Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөр “ан-Нусра” фронтун камтыган эмес. Мурдараак АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри элдешүүдөн кийин Сириядагы зомбулук 80-90% азайганын жана тынчтык келишими жалпысынан аткарылып жатканын белгилеген. Орусия - АКШ кызматташуусунун натыйжасында ишке ашкан Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуу 27-февралда күчүнө кирген.   http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27607880 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27607880 Mon, 14 Mar 2016 00:00:00 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160314/828/828.html?id=27607880#relatedInfoContainer Иран мунай өндүрүүнү дагы көбөйтөт Иран мунай өндүрүүнү марттын аягына чейин суткасына 2 миллион баррелге жеткирет. Бул тууралуу өлкөнүн мунай өндүрүү министри Бижан Зангане жекшембиде билдирди. Министр февралдагы көрсөткүч суткасына 1,75 миллион баррелге жеткенин белгилеп, бул Европа Иран мунайына санкция киргизген маалдан берки эң жогорку көрсөткүч деп атады. Министр мунай өндүрүүнү чектөө маселеси суткасына 4 миллион баррелге чыкканда гана караларын кошумчалады. Дүйшөмбү күнү Тегеранга Орусиянын энергетика министри Александр Новак келет. Зангани жолугушууда мунай саясаты сөзсүз талкууланарын жашырган жок. Орусия глобалдык базарда мунайдын кескин түшүп кеткен баасын кайсы бир деңгээлде көтөрүү үчүн өндүрүштү кыскартууну сунуштап келет. Зангани мурдараак бул идеяны анчейин жактырган эмес. Иран узак жылдар бою киргизилген санкциялардан улам кескин кыскарган кара май өндүрүшүн тез арада көтөрүүнүн аракетинде.   http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607862 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607862 Sun, 13 Mar 2016 23:34:44 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607862#relatedInfoContainer Германиянын үч аймагында шайлоо өттү Германиянын үч федералдык аймагында ландтагга - жергиликтүү парламенттке шайлоо өттү. Шайлоо алдындагы үгүт иштеринин жүрүшүндө качкындардын жапырт агымы жана буга байланышкан маселе көңүл чордонунда болду.  Акыркы сурамжылоолор боюнча, оңчул -популисттик "Германия үчүн альтернатив" партиясы  бардык аймактарда -  Баден-Вюртемберг, Рейнланд-Пфальц жана Саксония-Анхальтта алдыда. Deutsсhe Welle үналгысы кабарлагандай, канцлер Ангела Меркелдин качкындарды кабыл алууну жактаган позициясынан улам, анын ХДС партиясы көп тарапкерин жоготту.  Өткөн жумадагы иликтөөлөр ХДС Баден-Вюртембергде таасирдүү болбой калганын көрсөттү. Башкаруучу ХДС/ХСС блогу 2017-жылда боло турган жалпы элдик шайлоонун алдында сезилерлик жеңилүү ызасын тартышы мүмкүн.  http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607665 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607665 Sun, 13 Mar 2016 18:43:34 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607665#relatedInfoContainer Салбуурун: биринчи орунду ысыккөлдүктөр алды Эки күнгө созулган Нарында өткөн салбуурун оюну боюнча республикалык мелдеш бүгүн аяктап жеңүүчүлөр аныкталды. Мелдешке 70тен ашык тайганчы, 40ка чукул мүнүшкөр жана 25 жаачы катышты. Салбуурунчулар өлкөнүн Талас, Ысык-Көл, Чүй жана Нарын облусунан келишип, жыйынтыгында ысыккөлдүктөр  бүркүткө чырга алдыруу жана жаа атуудан биринчиликти эч кимге беришкен жок. Ал эми Таластын күлүк тайганы жарыштан марага биринчи келди.  Мелдеш быйылкы көчмөндөр оюнуна даярдык катары Нарын районунун Алыш айылындагы жергиликтүү жаштардын демилгеси менен өткөрүлдү. Ал эми уюштуруу иштерин республикалык Салбуурун федерациясы колго алган. Анын байге фондуна Улуттук оюндарды өнүктүрүү дирекциясы 200 миң сом бөлгөн. Катышуучулар Бүркүт салуу, Жөө жана атчан жаа атмай, Тайган жарыш сыяктуу аңчылык оюндары боюнча күч сынашты. (MiK) http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607664 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607664 Sun, 13 Mar 2016 18:11:18 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607664#relatedInfoContainer  Савченко ачкачылыкты токтотпойт Орусияда камакта жаткан украиналык учкучтун абалы менен ишембиде коомдук байкоочулар таанышып чыгышты. Бул тууралуу орусиялык көз карандысыз журналист Виктория Ивлева Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын маалыматына ылайык, байкоочулар Надежда Савченконун абалы туруктуу экенин, күн сайын эки ирет кан басымы жана дене табы өлчөнүп, учкуч өзү медициналык тейлөөдөн баш тартып жатканын кабарлашты. Надежда суу ичип жатканы белгилүү болду. Ал байкоочуларга ачкачылыкты токтотпосун айткан. 10-мартта Савченконун адвокаты Марк Фейгин, ал Украина президенти Петр Порошенконун өтүнүчү менен кургак ачкачылыкты токтотконун жарыялаган. Кийинчерээк Порошенконун каты жасалма экени аныкталып, буга байланыштуу Фейгин ал катты тамашалап жазганын моюнга алган эки азилчиге кылмыш ишин козготууну көздөөдө. 21-22-мартта Орусиянын Ростов облусунун Донецк шаардык соту бул иш боюнча өкүм чыгарат. Савченко 2014-жылдын июлунда Украина чыгышындагы урушту чагылдырып жүргөн орусиялык эки журналисттин өлүмүнө алып келген минометтук аткылоонун координаттарын түздөп турган деп айыпталууда. Мамлекеттик айыптоо ага адам өмүрүнө кол салуу жана Орусия чек арасынан мыйзамсыз өтүү боюнча расмий айып тагып, соттон аны 23 жылга эркинен ажыратууну сураган. Савченко коюлган айыптарды четке кагып, өзүн орусиячыл жикчилдер уурдап, Орусияга күчтөп өткөрүп бергенин кайталоодо. Украина, Орусия жана башка өлкөлөрдө учкучту токтоосуз бошотуу талабы менен акциялар өтүп келет. http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607619 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607619 Sun, 13 Mar 2016 17:55:39 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607619#relatedInfoContainer Асанов: Оппозиция эртең Жалал-Абадда митинг өткөрөт 14-мартта Жалал-Абад шаарында буга чейин пландалган нааразылык акциясы өтө турганын Улуттук оппозициялык кыймылдын мүчөсү, “Эгемен Кыргызстан” саясий партиясынын төрагасы Бектур Асанов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, азыр аны өткөрүүгө ар кандай тоскоолдуктар болууда. “Кимдир бирөөлөр машинелер менен бизди аңдып жүрөт. Жер-жерлердеги лидерлерибизге да коркутуулар болуп жатыптыр. Ага карабай эртең Барпы театрынын алдында нааразылык акциясын өткөрөбүз”, - деди Асанов.  Ал эми Жалал-Абад шаарынын мэри Салайдин Авазов оппозицияга бут тосуулар болуп жатат деген маалыматты четке какты. Ал эртеңки митингге уруксат берүү тууралуу арыз келгенин, бирок Барпы театры №2 мектепке жакын жайгашкандыктан, акцияны ал жерде эмес, шаардын четиндеги фольклор талаасында өткөрүү сунушталганын "Азаттыкка" кабарлады. Анын билдирүүсүндө, оппозиция буга көнбөй, Барпы театрынын алдындагы аянтта жыйын уюштура турганын айтууда. "Эртең абалга укук коргоо органдары көз салат. Бийлик өкүлдөрү да барып, элдин талаптарын угат" деп кошумчалады Авазов. Бектур Асановдун айтымында, эртеңки жыйында соңку кездери социалдык төлөмдөрдүн баасынын жогорулашына байланыштуу нааразылык айтылып, электр энергиясынын наркын арзандатуу, мамлекеттик камсыздандыруу боюнча мыйзамды жокко чыгаруу, балдарга жөлөк пул берүүдөгү жоболорду жеңилдетүү талаптары коюлат. (NT/RsK) http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607462 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607462 Sun, 13 Mar 2016 16:07:59 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607462#relatedInfoContainer Дональд Трамп Вашингтондо добуш топтой алган жок Республикачылар арасындагы президенттикке талапкерлик үчүн жарышта миллиардер Дональд Трамп буга чейин бир канча штаттарда алдыга озуп чыкса, бул ирет жетиштүү добуш топтой албады. Вашингтондогу партиялык жыйындагы добуш берүүнүн жыйынтыгында аны флоридалык сенатор Марко Рубио утуп алды. Ал эми Вайоминг штатындагы праймеризде техастык сенатор Тед Круз алдыга озду. Дональд Трамп Америкадагы бардык көйгөйлөргө мигранттар менен мусулмандарды айыптаган популисттик сөздөрдү айтууда. Республикачылар партиясынын жетекчилиги аны колдобой жатат.  Ал эми демократтардын арасында мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон алдыда. Анын башкы атаандашы катары сенатор Берни Сандерс аталып келүүдө. АКШда президенттик шайлоо быйылкы жылдын 8-ноябрында өтөт.   http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607486 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607486 Sun, 13 Mar 2016 15:37:10 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607486#relatedInfoContainer Аба ырайы: жаан жаайт Кыргыз гидрометеорологиялык кызмат билдиргендей, узакка созулган жылуу жана кургак аба ырайынан кийин 14-15-мартта аба ырайы кескин өзгөрүшү мүмкүн. Көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоо этектерине жана тоолорго кар түшөт. Дыйканчылык аймактарда үшүк жүрүшү күтүлүүдө. Мындай үшүк бүчүр байлаган жана гүлдөгөн мөмө бактары үчүн коркунучтуу. Ошондой эле туруксуз аба ырайы айыл чарба, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана кыштоо жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Бишкек-Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Ала-Бука-Канышкыя (62-100-чакырымдары) жана Красная-Горка-Ак-Таш (1-10-чакырымдары), Каракол-Эңилчек (45-90-чакырымдары) каттамдарында кар көчкү түшүүсү ыктымал. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан, унаалардын ортосундагы 500 метр аралык аралык чектелиши зарыл. 14-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу жаан-чачын болушу мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.  Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6,  күндүз 3…8; Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн  -2…-7,  күндүз 0…-5; Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 3…8; Баткен облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9; Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 7…12; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн  -1…+4, күндүз 5…10; Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн  -8…-13, күндүз -2…-7 градуска чейин төмөндөйт. Бишкекте маал-маалы менен катуу жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна  4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4° жылуу болсо, күндүз  6…8° градуска жогорулайт.   http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607423 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607423 Sun, 13 Mar 2016 14:30:55 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607423#relatedInfoContainer Ысык-Көл: байыркы жаныбардын сөөгү табылган аймак кайтарууга алынды Ак-Суу районунда белгисиз жаныбардын сөөгү табылган жерди милиция кайтара баштады. Эзелки доордогу жаныбардын сөөгүн 10-мартта Ак-Суу районунун Отрадное айыл өкмөтүнүн жашоочулары Жыргалаң суусунун боюндагы жардан таап алышкан. Казуу иштери жүргүзүлүп, жаныбардын баш, ооз бөлүктөрү жана тиштери аныкталган. Калдык мамонттуку болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда. Кеңири иликтөө үчүн Улуттук илимдер академиясынан окумуштуулар чакырылды. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, дубан жетекчиси Аскат Акибаев бул ишти жеке көзөмөлүнө алды.   “Быйылкы Тарых жана маданият жылындагы бул табылга Ысык-Көлдүн климаты жана биологиясы тууралуу жаңы маалыматтардын чыгышына өбөлгө болот. Тарыхчы, археолог жана палеонтологдордун кызыгуусун арттырат”, - деди өкмөт өкүлү. (NT) http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607402 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607402 Sun, 13 Mar 2016 13:56:26 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607402#relatedInfoContainer Миңден ашык адам Кыргызстандын жарандыгынан чыкты Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жарандыгын берүү жана чыгаруу жөнүндөгү жарлыктарга кол койду. Анын негизинде 2439 адамга жарандык берилмекчи. Алардын басымдуу бөлүгү Өзбекстан менен Тажикстандан тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар. Ошондой эле 1010 адам жарандыктан чыгарылат. Мындай маалыматты президенттин басма сөз кызматы кабарлады. (NT) http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607360 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607360 Sun, 13 Mar 2016 13:18:43 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607360#relatedInfoContainer «Масленица» жумалыгы аяктоодо Бүгүн славяндардын “Масленица” майрамы аяктайт. Ал майрамдын акыркы күнү Кыргызстанда салтанат менен майрамдалууда. 7-марттан тартып бир жума бою белгиленип келе жаткан майрамда орус проваславдары бири-бирине конокко барып, даам сызышып, ырым-жырымдарын жасашты. Бул майрам кыштын чыгышын жана жаздын келишин утурлап белгиленет. Cлавяндар майрамда куймакты сөзсүз даярдашат. http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607336 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607336 Sun, 13 Mar 2016 12:28:31 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607336#relatedInfoContainer Баткенде таза сууну ашар жолу менен чыгарышууда Баткен райондук борборунан 45 чакырымдай алыс турган тоо арасындагы Газ айылынын тургундары тоо боорун казып таза суу тартуу үчүн ашар уюштурушту. Бул тууралуу "Азаттыкка" айыл тургундары билдиришти. Аталган айылда таза суу маселеси негизги көйгөй болуп, көптөн бери эл жана мал–жан бир сайдан суу ичип келүүдө. Газ айылынын тургундары таза суу тартуу үчүн мындан 10 жылдай мурда акча чогултуп, банкка 500 миң сомдой каражат сактап коюшкан. Таза суу чыгаруу үчүн эми ошол каражатты жумшамак болушууда. Айылга таза суу тартуу боюнча тиешеүү тараптарга кайрылуудан натыйжа болбой келген. Баткен райондук акимчилигинен болсо быйылкы жылы өкмөттөн 5 млн сом каржат бөлүнгөнүн, аталган айылды таза суу менен камсыздоо үчүн долбоор түзүлүп жатканын билдиришти.    (JsA) http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607333 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607333 Sun, 13 Mar 2016 12:21:15 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607333#relatedInfoContainer Косово президентинин кеңсесине кол салгандар изделүүдө Косовонун бийлиги билдиргендей, беткап кийген адамдар Приштинанын борборунда жайгашкан кеңсенин терезелерин талкалап, президенттин иш бөлмөсүнө “Молотов коктейлин” ыргытып кетишкен. Имаратта эч ким жок болгон. Ишембинин таңындагы окуя үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Өкмөт бул көрүнүштү “өлкөдөгү конституциялык түзүлүш менен туруктуулукка кооптуу аракет” катары баалады.  Полиция кол салгандардын тек-жайын тактоо аракетин улантууда. Евробиримдиктин көмөгү аркылуу Сербия менен жергиликтүү сербдерге көбүрөөк укук берүү тууралуу келишим түзүлгөндөн бери Косоводо саясий кризис орун алууда. Оппозиция бийликтин мындай кадамын сындап келет.  Косоводо президент Атифете Яхьяганын бийликтеги мөөнөтү аяктоодо. Кийинки айда жаңы шайланган Хашим Тачи кызматына киришет. http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607301 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607301 Sun, 13 Mar 2016 11:42:41 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607301#relatedInfoContainer Түндүк Кореянын суу алдындагы кемеси чөгүп кеткени кабарланууда Түндүк Кореянын суу алдында жүрүүчү кемеси дайынсыз болууда. АКШнын аскерий-деңиз күчтөрүнүн жетекчилиги анын чөгүп кетиши ыктымалдыгын боолгоп жатат. CNN телеканалы 12-мартта чалгын кызматына шилтеме берүү менен кеме багытынан адашып калган болушу мүмкүндүгүн кабарлады.  Американын Аскерий-деңиз институтунун сайты  эксперттер жоголгон кеменин эмнеге ылайыкташтырылганын аныктай электигин жазды. Ал баллистикалык ракеталарга багытталганбы же аскердик кемеби, азыр иликтенүүдө.  Кеменин жоголушу АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен ири аскердик машыгууларына дал келүүдө.  Пхеньян машыгууларды айыптап, “өзөктүк согушка” кадам ташталды деп атады. Ошондой эле контрчабуул менен жооп кайтара турганын эскертти.  Корей жарым аралындагы кырдаал былтыр январда Пхеньян төртүнчү жолу өзөктүк сыноо жүргүзгөндөн кийин  чыңалган.  Өткөн айда Түндүк Корея алыскы радиустагы ракетаны сынаган соң БУУ ага каршы жаңы санкцияларды киргизген.  http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607288 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607288 Sun, 13 Mar 2016 11:12:13 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607288#relatedInfoContainer Сириялык козголоңчулар өкмөттүк согуштук учакты атып түшүрдү Сириялык козголоңчулар ишембиде өлкөнүн батышында өкмөттүк согуштук учак жок кылынганын Рейтер агенттигине кабарлашты. Бирок анын ракета же зениттик курал менен атып түшүрүлгөнү боюнча эки ача маалыматтар келүүдө.  Сириянын өкмөтүндөгү булактар учак Хама провинциясына конууга аракеттенгенде сокку урулганын билдирип, муну ок атууларды токтотуу келишимин бузуу катары сыпаттады.  Бул районду тескеген козголоңчулардын "Жаиш аль-Наср" тобу болсо, учакты жок кылууда зениттик түзүлүш колдонулганын жарыялады. Сириядагы кырдаалга байкоо салган Адам укуктары боюнча обсерваториясы козголоңчулар учакты эки ракета менен атып түшүргөнүн маалымдады.  Буга чейини оппозиция Сауд Арабстан жана башка чет элдик өнөктөштөрүн бийлик менен орусиялык согуштук учактарга каршы туруу үчүн зениттик ракеталарды берүүгө чакырган. Анткен менен курал-жарак экстремисттик уюмдардын колуна тийип калышы мүмкүн деген кооптонуу күч болгондуктан, бул сураныч аткарылбаганын айтышкан. http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607282 http://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607282 Sun, 13 Mar 2016 10:51:58 +0600 Жаңылыктарhttp://www.azattyk.org/archive/ky-news/20160313/828/828.html?id=27607282#relatedInfoContainer