"Эркин Европа / Азаттык Үналгысынын" кызматтары 28 тилде үналгы берүүлөрүн уюштурат. Биздин берүүлөрдүн көпчүлүгү жергиликтүү шериктерибиздин толкунунда FM, орто толкун жана башка жыштыктарда уктурулуп келет. Маселен, "Азаттык" үналгысы КТРК жана башка жергиликтүү шериктерибиз аркылуу Кыргызстанда өз берүүлөрүн уктуруп келет. Эгерде берүүлөрүбүздү интернет аркылуу кармап угууда кыйынчылыкка кабылсаңыз, анда биздин техникалык көмөк жаатындагы макалабызды окуп чыгыңыз.
Тыюу салынган “Хизб - ут Тахрир” уюмунун каза тапкан мүчөсүнүн сөөгүн жерге берүү зыйнаты учурунда тартылган видеотасма социалдык тармактар аркылуу кеңири тарап, коомчулук назарын бурууда.
“Чек арадан мыйзамсыз өттү, куралдуу каршылык көрсөттү”,- деген айып менен кармалган эки кыргыз жаранын Казакстан өткөрүп бере элек.
Ирактагы катаал жагдайды премьер-министр Нури Малики дагы чайпалтчудай болуп турат. Ал шаршемби күнү Федералдык соттун чечими жок кызматтан кетпесин жарыялады.
Түз эфирдеги талкуу 18:30-19:00,13 август 2014
31-августта эгемендүү Кыргызстан 23кө толот. "Эгемендик күнү элге кайрылыңыз" деген сынак жарыялайбыз.
Эгер коомдун өнүгүүсүнө таасир этчү көрүнүштөрдү, айтылбай жаткан көйгөйлөрдү, укугу тепселген тагдырларды байкасаңыз эринбей бизге сунуштаңыз, биз менен бөлүшүңүз.
"Азаттыктын" студенттер үчүн сынагы жыйынтыкталып, баш байгеге коюлган Sаmsung Galaxy планшеттери 2-июлда жеңүүчүлөргө тапшырылды.
Сөз шеринеси